Биз менен байланышыңыз

Калмаматовдун платформасы: Люстрация, децентрализация, ирилештирүү

Шайлоо-2021 | 24 Дек 2020 | 1471 | 0

«Марал» телерадио компаниясы 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоодо ар бир талапкерлердин платформасын окурмандарга жеткирүүдө. Алфавиттик катар боюнча кезектеги талапкер Бактыбек Калмаматовдун платформасындагы негизги багыттарды жана өзгөчөлүктөрдү баяндайбыз. Ал өзүнүн программасында жасай турган иштерин 12 багытка бөлүп караган.

Негизги багыттарынын бири катары саясий жана мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө моралдык укугу жок адамдарды толугу менен люстрациялап, аларды өлкө тагдырын чечүүгө аралаштырбоо каралган. Ал ушул мезгилге чейинки мамлекеттин мүлкүн тоноого катыштыгы бар адамдарды, коррупционерлерди кылмыш жообуна тартууга убада берүүдө. Ал үчүн шектүү делген адамды кызматынан алуунун негиздерин кеңейтүү керек. Калмаматов мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдардын казына алдында мүлктүк жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштайт. Жалпысынан, мыйзамды жана тартипти сыйлабаган чиновниктерди аёосуз кысымга алуу зарылдыгын белгилейт.

Бактыбек Калмаматов облустарды жана райондорду жоюп, айыл өкмөттөрдү ирилештирүүнү мерчемдейт. Жаңыдан ирилештирилген аймактар Өкмөт менен түз байланышта болорун айтат. Муну менен бирге, аймактык бюджетти борбордон ажыратуу (децентрализация) — жергиликтүү кеңештердин каражатын толугу менен жергиликтүү жамааттын карамагында калтыруу зарылдыгын белгилейт.

Ошондой эле экономиканы жаңылоо багытында бир катар кадамдарын жазган. Улуттук өндүрүштү колдоо жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуучу долбоорду ишке киргизүү менен улуттук экономиканы калыбына келтирсе болот. Инвестициялык климатты жакшыртып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана долбоорлорду сунуштоо зарыл.  Мындай кадамдар өлкөнү дүйнөдөгү рынокто өтө ыңгайлуу өлкөлөрдөн кылып көрсөтө аларын белгилейт. Жаңылануулар эртерээк, ийгиликтүү ишке ашуусу үчүн натыйжалуу жана сапаттуу кадрдык өзгөрүүлөрдү жүргүзөт. Ал үчүн мамлекеттик түзүм менен ишкердик коомчулук тыгыз, эриш-аркак иш алып баруусу зарыл.

Ата мекендик экономиканы аймактык жана глобалдуу багытка карай бириктирүү — талашсыз жасала турган иш болуп саналат. Чет өлкөлүк инвестициялар үчүн тоскоолдуктарды азайтуу жана глобалдуу соода уюмдарга биригүү үчүн бардык аракеттерди жасоо каралган. Кыргызстан эл аралык институттарда өзүнүн позициясын максималдуу түрдө пайдалануусу керек.

Инвесторлордун иштөөсүнө ыңгайлуу болушу үчүн санариптик сомду аймактык рынокто активдүү түрдө ишке киргизүү каралган.

Кыргызстан  дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн ортосунда аймактык экономикалык саясатты өнүктүрүү, жаңы сапаттагы келишимдерди түзүү жана ар тараптуу макулдашууларды түзүү, анын катарында, темир жол, авиа жана унаа байланыштарында транзиттик коридор түзүү зарылдыгын белгилейт.

Экономикада жеке ишкерлер жана инвесторлор көбүрөөк доминант болуп, мамлекет алардын менчигин жана укугун коргоп, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүсү керек.

Мамлекеттик бийликтин күчү менен корголгон сабаттуу мыйзамдар миллиондогон жарандын экономикалык активдүүлүгүн арттыра алат.

Акыркы муундагы технологиялардын негизинде, дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү ири компанияларга, кичи жана орто ишкерликке, инновациялык ишкерликке таянган экономиканы түзүүнү мерчемдейт.

Талапкер өзүнүн реформалары аркылуу жакынкы 10 жыл ичинде Кыргызстанда калктын абалынын жогорку сапатын, ыңгайлуу жашоосун камсыздаган экономиканын калыптандырса болорун белгилейт. Мунун баары дени сак калк, электрондук тейлөө кызматтары, жалпы калкка жеткиликтүү турак жайлар, сапаттуу билим, ыңгайлуу транспорт, калк үчүн бакубат чөйрө түзүү үчүн жасалат.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттик кызматка талапкерлер Абдил Сегизбев, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Арстанбек Абдылдаев, Бабыржан Төлбаевдин программасы жарыяланды.

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин платформасы

Мадумаровдун платформасы: Мыйзамдын диктатурасы орнойт

Шайлоо-2021: Аймен Касенов электрондук курултай системасын сунуштайт

Абдылдаевдин платформасы: Өлүмдүн сырын таап, өлбөстүккө өтүү

Тольбаевдин платформасы: Өлкөнү 5 жылда өнүккөн 30 мамлекеттин катарына кошуу

Copyright © 2017 Maral FM