Биз менен байланышыңыз

Тольбаевдин платформасы: Өлкөнү 5 жылда өнүккөн 30 мамлекеттин катарына кошуу

Шайлоо-2021 | 23 Дек 2020 | 1267 | 0

«Жаша», «Жашашты буйрук кылам». Бул сөздөр карантин учурунда желдей тараганы сиздин да эсиңизде болсо керек. Аталган ураандын автору, жеке ишкер Бабыржан Тольбаев өлкөнү башкарууга ниеттенип, президенттик жарышка аттанды. Ал шайлоодон утуп чыкса, элибиз кантип жашап калат? Шайлоо алдындагы убадаларын тизмектеп көрөлү.

Ал өзүнүн жасай турган иштерин негизги үч багытка бөлүп, биринчи кезекте мамлекеттик мекемелерди жана мамлекеттин ири үлүшү бар компанияларды натыйжалуу башкаруу зарыл деп эсептейт. Анын алкагында, мамлекеттик органдардын түзүмүн жана иштешин оптималдаштырууну колго алат. Ар бир кызматкер үчүн негизги көрсөткүчтү аныктоочу тутумду (KPI) киргизүү менен натыйжалуулукту жогорулатуу жана бюджеттик чыгымдарды 20 %га азайтуу каралган. Аны менен жыл сайын өлкө казынасына кеминде 400 миллион долларга жакын каражат үнөмдөөгө болот. Үнөмдөлгөн каражат адистердин эмгек акысын жогорулатууга жана зарыл болгон артыкчылыктуу багыттарга жумшалат.

Булардан тышкары мамлекеттик компаниялардын жана мекемелердин ишине коомдук көзөмөл жүргүзүүнү, ай сайын эл менен бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүүнү, квартал сайын президенттин жолугушууларын уюштурууну, Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү мыкты жетекчилерди сынактык негизде ишке алып, ар биринин алдына маанилүү милдеттерди коюуну мерчемдейт.

Бабыржан Тольбаев 2021-2026-жылдар аралыгында мамлекеттик түзүмдү оптималдаштырып, башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу менен коррупциянын көрсөткүч индекси (Corruption Perceptions Index)  боюнча 5 жылдан кийин Кыргызстанды 50-орунга жеткирерин убада кылат.  2019-жылы жүргүзүлгөн коррупция боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 126-орун алган. Ал эми бизнести башкаруу (Doing Business) рейтинги боюнча өлкөнү 2025-жылда 30-орунга чыгарарын айтат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Doing Business рейтингинде 81-орунда турат.

Экинчи багыты катары экономиканын өнүгүшүн камсыздоо каралган. Ал үчүн санариптештирүү иштерин улантуу менен жеке менчикти жана инвестицияларды коргоо, бизнести көмүскөдөн чыгаруу үчүн турукташтыруучу системаларды киргизүү зарыл. Мындан тышкары чет өлкөдөгү акционердик капиталдын менчик укугунун кепилдиги үчүн соттук териштирүү институттарын түзүүнү мерчемдейт. Муну менен бирге, чет жердеги мекендештерди кеңеш берүүчү органдарга тартуу каралган. Жумуш орундарын түзүү жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү максатында 10 долбоорго сынак жарыялап, жеңүүчү тараптарга артыкчылыктарды берүү зарыл. Төлбаев бул аракеттер аркылуу өлкөнүн ИДӨсүнүн көлөмү эки эсе көбөйөрүн айтат.

Үчүнчү багыты катары билим берүү системасын жакшыртууну көрсөткөн. Мамлекеттик бюджетти натыйжалуу пайдалануу менен мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуучу иштерди жүргүзөрүн белгилейт. ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштуруу, адистерди ротациялоо, алардын маянасын көтөрүү зарыл. Мугалимдерди борборлоштурулган мамлекеттик экзамендердин жыйынтыгы боюнча окуучулардын ийгилиги үчүн сыйлоо, жакыр үй-бүлөлөргө мектеп тамагы жана мамлекеттик субсидиялар менен жардам берүү, ЖОЖдордо билим берүүнү реформалоо, бюджеттик орундарга ЖОЖдорго каттоонун борборлоштурулган системасын киргизүү оң натыйжа берерин белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM