Биз менен байланышыңыз

Мадумаровдун платформасы: Мыйзамдын диктатурасы орнойт

Шайлоо-2021 | 22 Дек 2020 | 2215 | 0

Президенттикке талапкер болуу жагынан тажрыйбасы мол саясатчы Адахан Мадумаровдун программасына токтолобуз.

Адахан Мадумаровдун платформасында өлкөгө мыйзамдын диктатурасын орнотуу, мамлекетти эл көзөмөлдөгөн жана ишенген күчтүү бийликтин башкаруусу каралган. Ошондой эле жакынкы максаты өлкөнү конституциялык талаага кайтаруу экенин белгилейт. Биринчи кезекте 5-6-октябрдагы окуялардан кийин легитимдүүлүгү талаш жараткан Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарды, тиешелүү бийлик өкүлдөрү тарабынан чыгарылган буйруктарды, укуктук-ченемдик актыларды жокко чыгарарын, президенттик шайлоо менен катар өткөн референдумду да четке кагып, жараксыз деген чечим кабыл аларын билдирди.

Кийинки кадамы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоону тез аранын ичинде өткөрүү, ошондой эле кылмыш кылган адамдарды жана аларды кылмыш жоопкерчилигинен мыйзамсыз бошоткондорду жоопкерчиликке тартуу болот. Андан соң мамлекеттик башкарууга чакан жана эффективдүү органдарды түзөт. Мында бийлик органдарына коюлган негизги талап – компетенттүүлүк, ишке жөндөмдүүлүк маанилүү экенин эске алып, кесипкөй башкаруучулар жана бардык деңгээлдеги менеджерлер тартылат. Бийликтин тең салмагын камсыздоо үчүн президент менен парламенттин ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү үчүн Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизет.

Ал эми укук коргоо органдары боюнча жасай турган иштерин минтип баяндаган:

  • Сот системасын саясаттан тышкары кылып, көз карандысыздыгын камсыздоо зарыл;
  • УКМК бийликке кылмышкерлердин келүүсүн токтотуп, терроризм жана анын идеяларынын таркашына бөгөт коюусун камсыздашы керек;
  • Прокуратуранын ишин реформалоо зарыл, кызмат адамдарынын кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштү прокуратуранын ыйгарым милдетине кайрадан кайтаруу керек;
  • Улуттук коопсуздук үчүн заманбап, мобилдүү, мыкты куралданган жана эмгек акы менен камсыздалган сапаттуу армия түзүү керек.

Мадумаровдун платформасында булардан тышкары мамлекеттин эң негизги таянычы улуттук экономика экени белгиленип, колдо бар ресурстарды колдонуу, жеке ишкерлерге көмөк көрсөтүү, инвестициялык жана салык саясатын өзгөртүү, жумушсуздук менен күрөшүп, калктын социалдык абалына көңүл бөлүү, жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүү, буга чейин Атамбаевдин бийлиги жокко чыгарган ардактуу пенсионерлерге бөлүнө турган мамлекеттик төлөмдү кайра калыбына келтирүү керектиги айтылып, айыл чарбасын өстүрүү, туризм тармагын жандантуу стратегиялары белгиленген.

Жарандардын саламаттыгына кам көргөн толук кандуу саламаттыкты сактоо системасын түзүү жана кызматкерлерин татыктуу эмгек акы жана иштөө шарты менен камсыздоо, өзүн көрсөтүүсү үчүн жаштарга мүмкүнчүлүк берип, аларды бийликтин жана башкаруу тармагынын бардык бутактарына сүрөө, Кыргызстандын көп улуттуу элинин салт-санааларын чагылдырган маданий, чыгармачыл жашоо тармагына колдоо көрсөтүү, диний сабаттуулукту калыптандыруу маселелери боюнча да атайын пункттар киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM