Биз менен байланышыңыз

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин платформасы

Шайлоо-2021 | 18 Дек 2020 | 1349 | 0

2021-жылдын 10-январында өтө турган шайлоодо президенттикке талапкерлердин убадаларын элге айтып берүүнү туура таптык. Алфавиттик катар менен алгач УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевден баштайбыз.

Учурдун негизги темасы болгон башкаруу системасы боюнча Сегизбаевдин позициялык программасында өлкөдөгү тынчтыкты, демократияны жана парламентаризмди сактап калуу зарылдыгы, аны менен катар эле адам укуктарына өзгөчө басым жасоо керектиги, бул тармакта иштеген институттардын ишин реформалоо шарт экени камтылган.

Муну менен катар, соттордун эркин болушуна шарт түзүп берерин айтат. Эркин болуунун жолу катары ал соттор корпусунун эл тарабынан шайлануусу керектигин, сот бийлиги башка бийлик бутактарынан жогору туруусун камсыздоо зарылдыгын белгилейт.

Укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын да өзгөртө турганын билдирүүдө. Ага ылайык, УКМК саясий буйруктарды аткарбай, жалаң тышкы жана ички коркунучтар, чакырыктар менен иштеп, коопсуздук менен гана алек болот. Ал эми милиция бир гана укук коргоо менен алектенбей, элге жардам берген орган болот. Башкы прокуратура жана башка укук коргоо органдарынын иштөө шарттары кайра каралат.

Ошондой эле өлкөнүн кен тармагындагы саясатын жөнгө салуу менен тышкы карыз, бюджеттеги тартыштык сыяктуу маселелерди чечип берүүнү максат кылууда. Экономика тармагына да өзгөртүүлөрдү киргизип, либералдык ыкмага өткөрүүнү колдойт.

Ишкердикке болгон мамлекеттик жөнгө салуу тутумун реформалап, натыйжада уруксат кагаздарын гана эмес, лицензия берүүчү жана көзөмөлдөөчү органдардын да санын кескин кыскартуу аркылуу бизнеске болгон ыңгайсыздыктарды жоюу каралган. Мындан тышкары инвестицияга жагымдуу шарттарды түзүү,  жеңил өнөр жайы, туризм, кызмат көрсөтүү тармагы, IT, тоо-кен тармагы жаңы багытка салынат.

Жердешчиликтен, уруучулуктан жана улутчулдуктан алыс болгон толеранттуу коомду тарбиялоо, тарыхка, каада-салтка таянуу менен заманбап коомду куруу артыкчылыктуу багыттарынан. Бирок аны кандай жол менен ишке ашырары жөнүндө конкреттүү кадамдары жазылган эмес.

Булардан тышкары, мамлекеттик башкаруунун сапатын, мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жана жоопкерчилигин жогорулатып, элдин жыргалчылыгын көздөгөн мыйзамдарды иштеп чыгуу убадасын да берди.

Copyright © 2017 Maral FM