Биз менен байланышыңыз

Ташовдун платформасы: «Кыргызстанды 3 жылда тышкы карыздан кутултам»

Шайлоо-2021 | 25 Дек 2020 | 1571 | 0

«Марал» радиосу 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого ат салышкан ар бир талапкердин платформасын окурмандарга жеткирүүдө. Алфавиттик катар боюнча кезектеги талапкер Имамидин Ташовдун платформасындагы негизги багыттарды жана өзгөчөлүктөрдү баяндайбыз.

Ишкер Имамидин Ташов президенттикке келе турган болсо, 3 жылдын ичинде Кыргызстанды тышкы карызынан кутултуу убадасын берип келет. Буга ал бюджеттик каражаттарды оптималдаштырып, өлкөнүн өздүк ресурстарына таянып, экономиканы чыңдоо аркылуу жетүүнү көздөйт.

Ошондой эле өлкөнү өнүктүүнүн бирдиктүү программасын киргизип, Кыргызстандын дүйнөдөгү ордун жана ролун жогорулаткысы келет. Аны бекем кармануу менен эл аралык атаандаштыкка туруштук берүү үчүн экономикалык жактан жетишүү, ал үчүн жакынкы коңшулар менен да интеграцияны жакшыртуу абзел деген ойдо.

Имамидин Ташов шайлоо алдындагы платформасында күч түзүмдөрүнүн ишин реформалоо, укук коргоо органдарынын системасынын өздүк коопсуздук кызматынын ролун жогорулатуу, ал үчүн бул тармактагы адистерди кылдаттык менен тандап алуу жана анын макамын күчөтүү максатын коёт. Мындан тышкары укук коргоо органдарындагы бири-бирин кайталаган бөлүм, башкармалыктарды жоюп, калгандарынын ыйгарым милдеттерин так аткаруусун камсыздоону мерчемдейт.

УКМК саясий куралга айланып, ал үчүн адаттан тыш милдеттерди аткарбашы керек. УКМК чек арадагы мыйзам бузуулардын алдын алуу, коопсуздук үчүн чалгындоо иштерин күчөтүү, ШКУ жана ЖККУ сыяктуу аймактык эл аралык коопсуздук уюмдары менен кызматташууну арттыруу багытында иш алып барганы туура деген пикирди карманат.

Ал эми сотторду жыл сайын калктын алдында  өзүнүн жана  жакын туугандарынын мүлкү жөнүндө отчет берип тура турган кылат. Сотторду тандоодо калкты активдүү катыштырып, соттор кеңешине жарандык көзөмөлдү күчөтөт.

Имамидин Ташов президенттик кызматка дайындалары менен мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуп, элдин бийликке болгон ишенимин кайтарууга аракет жасайт.

Мындан тышкары саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, айыл чарбасы жана туризм тармактарында стратегиялык пландарын жарыялаган. Анын ичинде маданият тармагына басым жасай турганын да айтып, эне тилди өнүктүрүүгө өзгөчө маани бере турганын жазган. 

Белгилей кетсек, буга чейин президенттик кызматка талапкерлер Абдил СегизбевАдахан МадумаровАймен КасеновАрстанбек АбдылдаевБабыржан Төлбаев, Бактыбек Калмаматов, Жеңишбек Байгуттиевдин программасы жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM