Биз менен байланышыңыз

Байгуттиевдин платформасы: Алты жылда 200 ири өнөр жай ишке кирет

Шайлоо-2021 | 25 Дек 2020 | 875 | 0

«Марал» радиосу 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоодо ар бир талапкерлердин платформасын окурмандарга жеткирүүдө. Алфавиттик катар боюнча кезектеги талапкер Жеңишбек Байгуттиевдин платформасындагы негизги багыттарды жана өзгөчөлүктөрдү баяндайбыз.

Жеңишбек Байгуттиев алгач экономикалык абалды өзгөрткүсү келет. Бул үчүн өнөр жайга өзгөчө мамиле жасап, тармакты изилдеген институт түзүп, Экономика министрлигине бириктирүү ниетин жазган. Өнөр жай тармагындагы саясатты өзгөртүү менен сомдун туруктуулугун камсыздаса болот деген ойдо. Анан да алты жылдын ичинде кайра иштетүүчү ишканалар, жеңил өнөр жай кластерлери, тиричилик техникаларын чыгаруучу жана мунайды кайра иштетүү сыяктуу 180-200 завод-фабриканы ишке киргизүүгө убада берет.

Бул иштер менен катар эле коррупция менен күрөшүү, кадр саясатын жакшыртуу максатын койгон. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык аракеттердин айынан бюджеттин жоготуулары кеминде 80 миллиард сомго жетет деген пикирди карманып, кадр саясатын жүргүзөт. Анда мамкызматкерлер татыктуу эмгек акы менен камсыздалып, мыйзамсыз аракеттер үчүн милдеттүү түрдө жазалар күчөтүлөт. Бул жол менен билим берүү, медицина тармагындагы инфратүзүмдүк тармактар да жакшырат.

Ири долбоорлорго келсек, Байгуттиев Орусия менен биргеликте «Камбар-Ата-1» ГЭСин жана Жогорку-Нарын каскадын бүткөрүүнү мерчемдейт. Бул иштери аркылуу өлкөнүн бюджетин 500 млрд сомго чейин көбөйтүп, жыл сайын ИДӨнүн 9-10 пайыздан кем эмес өсүшүн камсыз кыла аларын айтат. Ички дүң өндүрүмгө карата инвестициялардын үлүшү 35 пайызга чейин жеткирилет, мунун өзүн 2021-жылы 2,5 млрд долларга, 2027-жылы 7 млрд долларга жеткирүүгө көзү жетет.

Жыл сайын айлык акысы 30 миң сомдон кем эмес жаңы иш орундары түзүлүп, турак жай, заманбап инфратүзүмдү куруу темпи өсөт. Ишкердикти жөнгө салуучу органдардын ашыкча текшерүүлөрү жоюлуп, экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна жеткиликтүү насыялар берилет.

Коңшу мамлекеттер менен чек ара маселесин жөнгө салуу, айыл жеринде мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүү үчүн бардык шарттарды түзүү каралган.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттик кызматка талапкерлер Абдил СегизбевАдахан МадумаровАймен КасеновАрстанбек АбдылдаевБабыржан Төлбаев, Бактыбек Калмаматовдун программасы жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM