Биз менен байланышыңыз

Асановдун платформасы: Мамлекетти «тилемчилик» дипломатиядан тең укуктуулукка өткөрүү

Шайлоо-2021 | 30 Дек 2020 | 1036 | 0

«Марал» телерадио компаниясы 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоодо ар бир талапкерлердин платформасын окурмандарга жеткирүүдө. Алфавиттик катар боюнча кезектеги талапкер Курсан Асановдун платформасындагы негизги багыттарды баяндайбыз.

Курсан Асанов шайлоо алдындагы программасында өлкөдө эң ириде туруктуулукту камсыздап, тартип үстөмдүгүн орнотуу зарылдыгын белгилейт. Ал үчүн укук коргоо жана сот системасын реформалап, алардын тышкы жана ички коркунучтарга ыкчам чара көрө ала тургандай механизмдерди киргизүү зарыл. Өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн бекемдөө, алардын материалдык-техникалык базасын өркүндөтүп, заманбап технологиялар менен камсыздоо каралган.

Курсан Асанов өлкө башына келсе, соттордун президентке жана аткаруу бийлигине көз карандысыздыгын камсыздап, иштердин объетивдүү каралышы үчүн сот арачылары институтун түзүү, Президенттин Аппаратындагы соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүн жоюу иштерин жүзөгө ашырат. Айрым гана зарылдыктан улам жабык кароодон тышкары, бардык соттук отурумдарды ачык өткөрүүнү зарыл деп эсептейт.

Ошондой эле ал кайрадан конституциялык реформаны өткөрүп, бардык бийлик бутактарынын эл алдында отчёттуулугун камсыздай турганын айтат. Мындан тышкары мамлекеттик аппаратты кыскартып, кесипкөй адистерди тартуу, жергиликтүү бийлик органдарынын макамын көтөрүп, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү ыкчам чечүү үчүн ыйгарым укуктарды берүү зарыл.

Улуттук долбоорлор аркылуу жаңы жумушчу орундарын түзүү, эл аралык стандарттарга жооп берген жашыл экономиканы киргизүү, ишканалардын отчёттуулугун санариптештирүү аркылуу экономиканы көмүскөдөн чыгарууга мүмкүн экенин айтат. «Ачык асман» саясатын ишке ашыруу жана өлкөнүн транзиттик дараметин натыйжалуу пайдалануу, Евробиримдиктин ВСП+ режимин ишке ашырып, кыргыз товарларын европалык рынокко чыгарууга шарт түзөт.

Саламаттыкты сактоо тармагын реформалап, дары-дармек өндүрүүчү компанияларды куруу үчүн керектүү шарттарды түзүү, ооруканаларды жабдуу талапкердин планында бар. Мындан тышкары билим берүү, маданият тармагын жакшыртуу чаралары жазылган.

Асанов бул иштер аркылуу эл аралык аренада Кыргызстандын кадыр-баркын кайтарып берүүнү «тилемчилик» дипломатиясынан тең укуктуу өнөктөштүккө өткөрүүнү убада кылат. Өнүккөн өлкөлөр менен визасыз режимди киргизүү мамлекеттик чек арадагы делимитация жана демаркация процесстерин бүтүрүү негизги иштери катары көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттик кызматка талапкерлер Абдил СегизбевАдахан МадумаровАймен КасеновАрстанбек АбдылдаевБабыржан ТөлбаевБактыбек КалмаматовЖеңишбек БайгуттиевИмамидин ТашовКанатбек Исаев, Каныбек Иманалиев жана Клара Сооронкулованын программасы жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM