Биз менен байланышыңыз

Исаевдин платформасы: Мугалим менен дарыгер депутаттан кем эмес маяна алат

Шайлоо-2021 | 28 Дек 2020 | 2040 | 0

«Марал» радиосу 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкерлердин платформасын окурмандарга жеткирүүдө. Алфавиттик катар боюнча кезектеги талапкер Канатбек Исаевдин платформасындагы негизги багыттарды баяндайбыз.

Талапкер Канатбек Исаев толугу менен парламенттик башкарууга өтүүнү жактайт. Ошол эле учурда эл тарабынан шайланып келген депутаттардын жоопкерчилигин күчөтүүнү, аларды кол тийбестик укугунан ажыратууну зарыл деп эсептейт. Бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмакты сактоого, сот системасын реформалап, көз карандысыздыгын камсыздоого, сотторду президенттин дайындоосунан чыгарууга убада берет. Өкмөттөгү кайталанма кызматтарды бириктирип, айрымдарын кыскартууну, жергиликтүү бийлик органдарына бюджеттик камсыздоо укугун берүүнү көздөйт.

Исаев билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын реформалап, анын алкагында мугалимдер менен дарыгерлердин депутаттардан кем эмес маяна алуусуна жетиштирүүнү, жаш адистерге турак-жай, пайызы жок насыяларды берүүнү мерчемдейт. Ошондой эле өзүн-өзү актабаган, иштебеген система катары өзгөчө медициналык камсыздоону жоюу, пенсиялык фондду кайрадан уюштуруу маселеси каралган.

Мындан тышкары ишкерлерге толук эркиндик берип, бизнести коргоо менен өлкөнү бүтүндөй эркин экономикалык аймакка айландырууну максат кылат. Чек ара, тоо-кен иштетүү тармагы мамлекеттин кызыкчылыгына чечилиши үчүн түзүлгөн келишимдерди кайрадан карап чыгуу зарыл деп эсептейт.

Ошондой эле Ош шаарында эл аралык транспорттук аэропорт куруу казынага ири өлчөмдө киреше алып келерин айтат. Негизги багыттардын бири катары, Орусия менен узак мөөнөттөгү кызматташууну камсыздоо керектигин, муну менен катар жалпы эле өнөктөш, коңшулаш өлкөлөр менен мамилени өнүктүрүрөрүн белгилейт.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттик кызматка талапкерлер Абдил СегизбевАдахан МадумаровАймен КасеновАрстанбек АбдылдаевБабыржан ТөлбаевБактыбек КалмаматовЖеңишбек Байгуттиев, Имамидин Ташовдун программасы жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM