Биз менен байланышыңыз

Сооронкулованын платформасы: Адилеттик, мыйзамдуулук, коопсуздук

Шайлоо-2021 | 30 Дек 2020 | 1066 | 0

«Марал» телерадио компаниясы 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкерлердин платформасын окурмандарга жеткирүүдө. Алфавиттик катар боюнча кезектеги талапкер Клара Сооронкулованын платформасындагы негизги багыттарды  баяндайбыз. Сооронкулова президенттик кызматка ат салышкандардын арасында жалгыз айым талапкер.

Ал өзүнүн программасында жасай турган иштерин 5 багытка бөлүп, биринчи кезекте сот адилеттигин камсыздоо, элдин сотторго болгон ишенимин кайтаруу зарылдыгын жазган. Эгер ал шайлоодон утуп чыкса, сот бийлигин толук көз карандысыз кылып, судьяларга бийлик бутактары тарабынан кысым көрсөтүүлөрдү жоёрун айтат. Жалпыга ачык жараяндар аркылуу судьяларды тандоо кеңешине коомчулуктун катышуусуна шарт түзөт. Ошондой эле экс-судьяларды люстрациялык текшерүүдөн өткөрүп, алардын адеп-ахлактык сапаттарына маани берет.

Ал эми УКМКны полициялык милдеттерден бошотуп, контрчалгындоо, чек араларды жана мамлекеттик сырларды коргоо милдеттерин гана калтыруу менен чыныгы коопсуздук органына айлантат. Алардын маалыматты негизсиз жашыруу тажрыйбасын токтотуу чарасы каралат. Административдик соттордун укуктук милдеттерин кеңейтүү аркылуу прокуратура жалпы көзөмөлдөө милдетинен жана тергөө органдары көзөмөлдөө милдетинен ажыратылат.

Ал эми милицияны жазалоочу жана аскерлешкен системадан чыгарып, жарандардын укуктарын жана коомдун кызыкчылыгын коргоого багытталган ишенимдүү түзүмгө айландыруу зарыл. Клара Сооронкулова эң ириде үй-бүлөдөгү зомбулукту аныктоонун ишенимдүү механизмин түзүп, соттордун кылмышты жаап-жашырып, зордукчуларды актаганы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү зарыл деп эсептейт. Бул багытта жасалууга тийиш болгон чараларды тизмектеген.

Ошондой эле талап-тоноочулук, коррупция элдин жакырчылыкка салган негизги жагдай экенин белгилеп, аны менен күрөшүү жолдорун жазган. Ал коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКдан бөлүп чыгарып, ага Жогорку Кеңештин алдында отчёт берүүгө милдеттендирет. Аткаминерлердин электрондук декларацияларынын ачык болуусун камсыздайт. Ал эми башкаруу системасы боюнча парламентаризмди жактайт.

Жакынкы милдеттери катары, саясий кризистен чыгуу жана бийликти легитимдештирүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аягына чыгарууну көрсөткөн.

Өлкөнүн экономикасын сактап калуу боюнча чаралар, алардын катарында бизнес үчүн салыктарды жөнөкөйлөтүү, Кыргызстанга дүйнө жүзүндөгү ачык визалык режимди киргизүү, эл аралык аэропортторду алдыңкы дүйнөлүк операторлорго – башкаруучу компанияларга өткөрүп берүү жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу көрсөтүлгөн.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өз алдынчалыгын бекемдөө, бийлик органдарынын ортосунда кирешени адилеттүү бөлүштүрүп, борбордук башкаруудан ажыратууну ишке ашырууга аракет жасалат. Башкаруунун облустук деңгээлдерин жоюп, 40 районду 25 экономикалык округга айландырууну колго алат.

Мындан тышкары жаңы муун үчүн сапаттуу билим берүүнү калыптандыруу зарылдыгын белгилейт. Чет мамлекеттердин окуу жайлары менен алмашуу программаларын жайылтуу, кыргыз тилин өнүктүрүү менен бирге, балдарга англис, орус тилдерин үйрөтүүнү, компьютердик билимдерин өркүндөтүүнү колго алат.

Мындан тышкары саламаттыкты сактоо иштери борборлоштурулбай, жергиликтүү бийлик тарабынан тейленишин камсыз кылуу зарыл.

Ал эми тышкы саясатта эл аралык саясаттын негизги борборлору менен өз ара түшүнүшүү өнөктөштөр менен демократиялык баалуулуктарды тең бөлүшкөн өлкөлөр менен өзгөчө мамиле түзүүгө умтулат.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттик кызматка талапкерлер Абдил СегизбевАдахан МадумаровАймен КасеновАрстанбек АбдылдаевБабыржан ТөлбаевБактыбек КалмаматовЖеңишбек БайгуттиевИмамидин ТашовКанатбек Исаев, Каныбек Иманалиевдин программасы жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM