Биз менен байланышыңыз

Иманалиевдин платформасы: «Кыргызстан үчүн 12 бекем кереге»

Шайлоо-2021 | 28 Дек 2020 | 1182 | 0

«Марал» радиосу 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкерлердин платформасын окурмандарга жеткирүүдө. Алфавиттик катар боюнча кезектеги талапкер Каныбек Иманалиевдин платформасындагы негизги багыттарды баяндайбыз. Ал өзүнүн «Кыргызстан үчүн 12 бекем кереге» программасында жасай турган иштерин 12 багытка бөлүп караган.

Иманалиев парламенттик башкарууну жактайт жана бул боюнча бир катар өзгөртүүлөрдү сунуштоодо. Маселен, эл тарабынан шайланган депутаттарды кайра артка чакыртып алуу механизмин киргизүү, укук коргоо блогун парламенттин көзөмөлүнө өткөрүп берүү, бардык мамлекеттик резиденцияларды жоюу зарылдыгын белгилейт.

Ошондой эле Иманалиевдин көз карашында, Президент арбитр, Конституциянын кепили катары калып, аткаруу бийлиги менен эч кандай мамиледе болбошу керек. Парламенттик көпчүлүктү түзгөн партиянын лидери премьер-министр болуп шайланууга тийиш. Укук коргоо органдары парламенттин көзөмөлүнө өткөнү туура болот.

Тышкы саясаттагы негизги артыкчылыктар катары Кыргызстан өзүнүн Улуу Жибек жолу менен транспорттук катышын өркүндөтүп, логистиканы, соода-сатыкты, инвестициялык дараметти жана туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү, Кыргызстандын аймагы аркылуу коридорлорду курууну, Кытай-Кыргызстан-Өбекстан темир жолунун курулушун жана Түркмөнстан–Кытай-Кыргызстан линиясы аркылуу газ түтүктөрүн өткөрүү иштерин баштоону тездетүүнү белгилейт.

Иманалиев платформасында биринчи кезекте улуттун руханий кайра жаралуусун камсыздоо керектигин айтат. Анүчүн улуттук идеологияны калыптандырып, ошол эле учурда ааламдашуу доорунан артта калбай, жаңы технологияларды өнүктүрүү аркылуу салттуу маданиятты сактоону, кыргыз тилин өнүктүрүү программасын кайра иштеп чыгууну көздөйт. Бул багыттагы программасында коомдун ар бир катмарынын билим алуусуна шарт түзүү, 2025-жылдын аягына чейин ЮНЕСКОнун көрсөткүчтөрү боюнча билим берүүдө рейтингди 67-орундан 50-орунга жеткирүү да каралган. Мамлекеттик окуу жайларында мугалимдерди орточо айлык акысы өнүккөн өлкөлөрдөгү айлык акынын 50 %ынан кем болбоого тийиш деп эсептейт.

Мындан тышкары калктын социалдык абалын жакшыртуу чараларын да программасына камтып кеткен. Айталы, «Аялдарга, балдарга, карыларга болгон зомбулукту жок кылуу» программасын, жумушсуздукту кыскартуу үчүн «Коомдук жумуш» долбоорун киргизүүнү мерчемдейт. Мунун негизинде, жакырларга жана майыптарга жөлөк пул, узак мөөнөттүү ипотекалык насыя берилет.

Каныбек Иманалиев өлкө башына келсе, УКМКны кайрадан реформалап, тышкы жана ички чалгындоо, терроризм менен күрөшүү кызматын түзүүнү колго алат. Ошондой эле соттордун жоопкерчилигин жана алардын ишине карата жарандык көзөмөл киргизүүнү камсыздайт. Прокуратураны Юстиция министрлигине өткөрүп берүүнү туура көрөт. Аскердик кызматка милдеттүү чакырууну жокко чыгарып, контракт системасын түзүп, негизги аскер күчтөрүн өлкөнүн түштүгүнө көчүрүп жайгаштырат. Баткенде аскер академиясын түзүүнү жана чек арачыларга жардам берүүчү элдик ыктыярдуу кошуунду түптөөнү ишке ашырат.

Иманалиев аймактарда экономикалык активдүүлүктүн жоктугунан айыл өкмөттөрдүн 82 %ы дотацияда олтуруп, республикалык бюджетке көз каранды бойдон калуусуна себеп болуп жатканын айтат. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн агротехнология аймактык парктарын, айдоого жарамдуу жерлерди жана жайыттарды сактоо борборлорун түзүү зарыл. Облустук администрацияларды, райондорду жоюп, 20 аймак түзүү максаты бар. Дал ушул жергиликтүү башкармалыктар инфратүзүмдү, билим берүүнү өнүктүрүүдө, жергиликтүү социалдык маселелерди кароодо борбордук башкаруу менен макулдашпастан, өздөрү чече алат. Ал үчүн жергиликтүү коомчулук зарыл болгон каржы булактарына ээ болууга тийиш. Ал эми, борбордук башкаруу улуттук маанидеги маселелер менен алектенет.

Жер казынасын пайдаланууга уруксат кагазды жергиликтүү коомчулуктун макулдугу менен гана берүү, салыктардын 50%ын жергиликтүү бюджетке калтыруу, концентраттарды өлкөдөн чыгарууну чектеп, даяр өндүрүмдү экспорттоого өтүү жагын да демилгелөөдө. Андан тышкары бизнестин субъекттери үчүн жөнөкөйлөтүлгөн салык салуу системасын өнүктүрөт. Ишкерлерди каржылоонун атаандаш булактарын таап, биринчи кезекте рынок фондун жолго салат.

Мындан тышкары өлкөнүн экология тармагына өзгөчө көңүл бурат. Жаратылышты коргоочу мыйзамдарды күчөтүү, Жаңы Экологиялык Кодексти кабыл алуу, өлкөнү жашылдандыруучу аянттарды кеңейтүү, экологиялык жактан таза коомдук транспортту жана жашыл экономиканы өнүктүрүү иштери аркылуу Кыргызстанды Евразиянын абасы таза, бакубат өлкөсүнө айландыруу максат кылынган.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттик кызматка талапкерлер Абдил СегизбевАдахан МадумаровАймен КасеновАрстанбек АбдылдаевБабыржан ТөлбаевБактыбек КалмаматовЖеңишбек Байгуттиев, Имамидин Ташов, Канатбек Исаевдин программасы жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM