Биз менен байланышыңыз

Мыктыбек Арстанбектин платформасы: Борбордук бийлик аймактарга көчүп иштейт

Шайлоо-2021 | 4 Янв 2021 | 1074 | 0

«Марал» телерадио компаниясы 10-январда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлердин платформасын угармандарга жеткирүүдө. Алфавиттик катар боюнча кезектеги талапкер Мыктыбек Арстанбековдун платформасындагы негизги багыттарды баяндайбыз.

Мыктыбек Арстанбек өзүнүн жасай турган аракеттерин 5 багытка бөлүп караган. Ал өлкөнү саясий жана экономикалык жактан көз карандысыздыкка жеткирүүнү негизги багыты катары жазган. Ал үчүн биринчи кезекте бийликтин эффективдүү жана жоопкерчиликтүү иштөөсүн камсыздоо зарыл деп эсептейт. Ушул багыттагы буга чейинки айткан сөздөрүнө таянсак, ал борбордук бийликти мөөнөт менен аймактарга көчүрүп иштетүүнү сунуштайт. Муну менен ал бийлик маселени өз көзү менен көрүп, натыйжалуу иштегенге шарт түзүлөт деген ойдо.

«Биз жаңы мамлекетти курабыз десек, бийликти элетке алып чыгып кетишибиз керек. Бийлик элге бармайынча, кандай гана башкаруу келбесин, ал элге иштебейт. Мисалы, Баткенге барсын, ошол жакта жарым жыл, эки жыл иштесин. Аймактагы бардык маселени, анын ичинде чек араны чечсин. Аны менен аткезчилик, наркотрафик да токтойт.  Андан ары башка аймактарга көчсүн». 

Ошондой эле ал бийлик кандай башкаруу системасы менен келбесин, ага карата жоопкерчилик күчөтүлмөйүнчө, алга жылуу болбой турганын айтат. Мамлекеттик түзүмдөрдө жоопкерчиликти күчөтүү үчүн шарият мыйзамдарын алып келсе туура болорун айткан.

«Өзүбүз жазып алган мыйзамдар бийликте жоопкерчиликти пайда кылбасын көрдүк. Биз шарият мыйзамдарын киргизгенибизде жоопкерчилик жогорулайт. Башкаруучу бул дүйнөдөн коркпосо да, акыреттен коркот. Көп мамлекеттер диний мыйзамдар менен өнүккөн. Бирок, ал айтылбайт».

Ошондой эле экономикалык көз карандысыздыкка жетүүдө сырттан грант алуу, инвестиция тартуу аракети туура эмес саясат экенин белгилейт. Ал капитализм доорунда элди бизнеске, ишкерчиликке үйрөтүү, калктын каржылык сабатын жоюу зарыл деп эсептейт. Санарип технологияларын колдонуу, жаштарды IT тармагына үйрөтүү бул тармактын өнүгүүсүнө негиз болуп берет. Мындан тышкары ислам экономикасын киргизүү, анын негизинде элге ишкердикти үйрөтүү эки жылда абалды жеңилдетет деген ойдо.

Ар бир жарандын саламаттыгына кам көргөн медицина, калкты агартууга багытталган билим берүү системасын түптөө, элдин диний дүйнө таанымын кеңейтүү негизги багыты катары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары элдин тарыхый мурастарын, маданиятын өнүктүрүү багытында жасай турган иштерин баяндаган.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттик кызматка талапкерлер Абдил СегизбевАдахан МадумаровАймен КасеновАрстанбек АбдылдаевБабыржан ТөлбаевБактыбек КалмаматовЖеңишбек БайгуттиевИмамидин ТашовКанатбек ИсаевКаныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова, Курсан Асановдун программасы жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM