Биз менен байланышыңыз

Президенттикке талапкер Эльдар Абакиров Токмоктогу №7062 шайлоо участогунда добуш берди

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 594 | 0

Президенттикке талапкер Эльдар Абакиров бүгүн Токмоктогу №7062 шайлоо участогунда добуш берди.

Абакиров: «Мен Кыргызстандын келечеги үчүн эмес, азыркы абалы үчүн добуш бердим. Анткени биз өткөнкү күндөрдөгү абалды көрдүк, өлкөнү азыр оңдоп кетишибиз керек болуп турат», — деп билдирди.

Ошондой эле ал бүгүн кыргыз эли шайлоого активдүү катышып, өзүнүн тандоосун жасаарына ишенерин айтты. Мындан сырткары жаштардын, элдин аң-сезими өскөн сайын, ошол талапка жооп бере турган бийлик келерин да кошумчалады.

Белгилей кетсек, Эльдар Абакиров президенттикке алгачкы ирет ат салышууда. Ал учурда 39 жашта. Президенттикке аттангандардын арасында жаш талапкерлердин бири.

Copyright © 2017 Maral FM