Биз менен байланышыңыз

Эльдар Абакиров: Баткенде жумуш орундарын көбүрөөк түзүү керек

Чек арага чектеш аймактарда көбүрөөк киши жашасын десек, көбүрөөк жумушчу орундарын түзүү керек. Бул тууралуу экономист Эльдар Абакиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Баткенде 100 гектарды ээлеген Лейлек эркин экономикалык аймагы бар. Ал жерде болгону 5-6 эле ишкана иштейт. Эгерде Өкмөт аймакка ишкерлерди тартам десе, анда бир катар жеңилдиктерди бериши керек.

«Эгер Лейлек, Баткен райондорунда көбүрөөк киши жашаганды кааласак, көбүрөөк жумуш орун болушу керек. Көп жумуш орун болушу үчүн көбүрөөк ишкана ачуу керек. Ал жерге кантип ачабыз ишкананы? Кыргызстандын башка жерлеринде болбогон жеңилдиктерди ошол жерге беришибиз керек. Мүмкүн чек арада жашаган калк менен компания ачышса, салыктан бошотуп дегендей. Билимдүү жаштарды көбөйткөнгө аракет кылыш керек. Балким IT академияга жакшы көңүл бурсак, жакшы ылдамдыктагы интернет берсек,  IT тармагында иштеген жаштар көбөйөт», — дейт экономист.

Copyright © 2017 Maral FM