Биз менен байланышыңыз

Чүй облусунда былтыр 12 объект курулуп колдонууга берилди

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 592 | 0

Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланган «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Чүй облусунда 6 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) жана эки спорттук зал колдонууга берилди. Ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты оңдолуп, маданият үйү, 2 мектеп, бала бакча жана Кара-Балта дарыясындагы башкы курулуш ремонттолду.

Баардыгы болуп  2020-жылы саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармагында 12 объектинин курулушу аяктап, колдонууга берилди.

«Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Кемин районунда 100 орундуу бала бакча, 100 орундуу башталгыч класстар мектеби жана канализация системасын тазалоочу жай салынды.

Панфилов районунда 2 канал ремонттолуп, 50 орундуу 3 бала бакча жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулду.

Жайыл районунда 50 жана 100 орундуу 2 бала бакча салынып, реанимациялык бөлүмдүн кошумча имараты оңдолду. Жайыл районундагы бириккен аймактык оорукананын имаратынын кире бериши жана кабыл алуу бөлүмүнүн эстакадасы ремонттолду. Жыйынтыгына 40 миң жаран үчүн жакшыртылган социалдык инфраструктура жана ирригациялык система жеткиликтүү болду.

«Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты – жакырчылыкты жоюу жана коомчулуктарда аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Долбоордун бюджети 11 млн доллар.

Copyright © 2017 Maral FM