Биз менен байланышыңыз

Чүйдө жол кырсыгынан бир киши каза болду

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 530 | 0

Чүй облусу Ысык-Ата районунда 7-июль күнү саат 07:00 чамасында Дмитриевка айылынын Ленин көчөсүндө “ВАЗ-2107” жана “Mercedes-Sprinter” унааларынын ортосунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 1997-жылы туулган эркек киши каза болуп, 3 адам жабыркаган (аты жөндөрү такталууда).

Жерине өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар медицина кызматынын унаасы менен ооруканага жеткирилген.  

Copyright © 2017 Maral FM