Биз менен байланышыңыз

УКМК: Чүй облусунан курал-жарак сакталган жай табылды (видео)

Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 710 | 0

Бүгүн, 10-июнда Чүй облусунун Панфилов районунан курал-жарак, ок-дары сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Маалым болгондой, уюшкан кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюу, курал-жарак жана ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштеринин алкагында кароосуз калган үйгө тинтүү жүргүзүшкөн.

Натыйжада жашыруун жайдан 9 мм «Макаров» тапанчасы магазини жана 10 огу менен, чет өлкөдө чыгарылган белгисиз 8 миллиметрлик тапанча, 1 кесилген мылтык, 2 мергенчилик куралы, 12 жана 16 калибр менен 2 жылмакай курал 8 огу менен, сигналдын күйүшү боюнча 1 реактивдүү сигналдык, 1 мергенчилик бычак, 1 кара түстөгү беткап табылган.

Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иштери жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM