Биз менен байланышыңыз

Чүйдө 569 адам үй шартында дарыланууда

Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 929 | 0

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, коронавирус жуктуруп, бирок оорунун белгилери байкалбаган жарандар үй шартында дарыланса болот. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Гүлнура Мамбетисаева брифингде билдирди.

Анын айтымында, 3-июлга карата облус аймагында 569 адам үй шартында дарыланууда.

Үй карантинде болгон жарандарга байкоо жүргүзүү үчүн уюлдук телефондоруна атайын тиркеме жүктөлгөн. Ошондой эле медкызматкерлер арасында коронавирус жуктургандардын санын азайтуу максатында окуулар өткөрүлүүдө. Чүйдө коронавирус жуктурган медкызматкерлердин саны 129га жетти, — дейт ал.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 6767ге жетти. Алардын ичинен 994ү медицина кызматкерлери. Илдеттен 2655 жаран айыгып, 76 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM