Биз менен байланышыңыз

Рыскелди Момбеков Аскер прокуратурасына суракка чакырылды

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 466 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бүгүн, 1-июль саат 15:00гө Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» кабарлаган.

Анын божомолунда суракка чакырылышы «Кумтөр» ишине байланыштуу болушу мүмкүн.

Буга чейин Момбеков «Кумтөр» ишине байланыштуу УКМКга, ал эми өткөн жылдын октябрындагы окуялар боюнча Ички иштер министрлигине сурак берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кумтөргө» байланыштуу 4 кылмыш ишин тергеп жатат. Анын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаевдер 2 айга камалган.

1-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, азыркы депутат Дастанбек Жумабеков, дагы бир эл өкүлү Максат Сабиров УКМКга сурак берип чыгышкан. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов да күбө катары көрсөтмө берген.

Copyright © 2017 Maral FM