Биз менен байланышыңыз

Кумтөр: Женевадан кабар күткөн Кыргызстан

Саясат | 4 Окт 2021 | 831 | 0

Өткөн жуманын соңунда Женевада «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи бөлүгү жыйынтыкталды. Кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын жана зарыл болгон учурда аны улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен улантууга даяр экендигин билдирген.

3-октябрда президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомдо кызуу талкууланып жаткан маселелер, анын ичинде «Кумтөр» боюнча түшүндүрмө берди. 

“Центерранын” суранычы менен Женева шаарында өткөн сүйлөшүүлөргө президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча, Кыргызстандан барган делегациянын курамында Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана укук тармагындагы адистер барган.

Президент Садыр Жапаров «Кумтөр» боюнча тынчсызданууга негиз жоктугуна ишендирип, элдин колдоосу гана керектигин айтты.

«LBMA (Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясы) биздин алтынды алуудан баш тартты. «Эми алтындарыбызды сата албай калабыз» деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт. Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып. “Эл аралык соттон утулуп калсак – эмне болот?” дегендер да бар экен. Утулбайбыз, утабыз. Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Эмне болот? “Кумтөрдү” көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го? Эл колдоп турса болду. Казып атабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт».

«Центерра» Кыргызстанды «Кумтөр» алтын кенин басып алуу жолу менен алгандыгын жарыялаган. Ал эми Кыргызстан «Кумтөр» алтын компаниясынын ишмердигин изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүп, 12-майдагы отурумунда комиссиянын төрагасы, мурдагы депутат Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд» 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген.

Ал эми 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр» Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Мындан сырткары «Кумтөр» убактылуу тышкы башкарууга берилген.

Эл аралык арбитраждык сотто Кыргызстандын кызыкчылыгын 3 компания коргойт. Алар: британиялык, канадалык жана америкалык компаниялар. «Арбитраждык сотко көрсөтүү үчүн «Центерранын» мыйзамды жана келишимди бузгандыгы боюнча Кыргызстандын колунда фактылар менен далилдер бар, ал эми «Центеррада» андай фактылар жок. Ошондуктан Кыргызстан утулат дегенге эч кандай далилдер жок»,- деп эсептейт Экология жана климат комитетинин төрайымы Динара Кутманова.

Анын айтымында, канадалыктар «алтын кенди кыргызстандыктар иштете албай калышса экен» деп ар кандай аракеттерди жасады.

«Мыйзамды бузгандыгы боюнча оор фактылар турса, эмне үчүн биз Эл аралык арбитраждык соттон улутушубуз керек. 1992-жылы Канада менен Кыргызстан келишимге кол коюп жатканда, Кыргызстандын мыйзамын бузбай, мыйзамга баш ийип иштөө жөнүндө так жазылган. Демек, «Центерра»биздин мыйзамды бузду, бул келишимдин шартын бузду деген сөз. Келишимдин шарты бузулса, арбитраждык сотко барып соттошуу боюнча ошол келишимде жазылган. Ошол себеп менен «Центерра» өзү арбитраждык сотко «Кыргызстан эч кандай негиз жок эле, алтын кенин басып алды» деп берип жатат. Бул жалган маалымат, анткени биздин Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссия 2012-жылы, андан кийин ошол кездеги Өкмөт башчы Темир Сариев жетектеген мамлекеттик комиссия, быйыл дагы депутаттык комиссия иш алып барды жана бардык комиссиянын фактылары бирдей чыкты. Кыргызстандын экологиясын бузган, мына дагы фактылар чыгып жатат. Ошондуктан биз утула турган эч кандай натыйжа жок. Биз утулбайбыз, жана утулбашыбыз керек».

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары «Кумтөрдүн» алтындары кайда кетип жатканына кызыгышкан. Ошондой эле “Кумтөрдүн” учурдагы жетекчилиги дайындалгандан бери компаниянын иши тууралуу отчет бериши керектигин айтышып, тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү парламентке келүүсүн талап кылышкан.

Жалпылап алганда, учурда «Кумтөр» боюнча абал белгисиз жана түшүнүксүз. Анын айланасында болгон маселелер ордунан жылбай тургандыктан, кыргыз тарап «Центерра» менен сүйлөшүүгө аргасыз болуп жатат. Саясий эксперт Айданбек Акматов, «Кумтөрдүн» тегерегиндеги маселелер боюнча азыркы бийлик үстүртөн гана маалымат берип жатат деген пикирде.

«Кумтөрдө эмне болуп жатканы боюнча булар так маалымат бере элек. Парламенттин депутаттары, жарандык кооомдун өкүлдөрү, биз дагы канча жолу суроо койдук. Канча алытын казылып жатат, жабдуулар менен камсыздоо кандай жүрүп жатат, финансылык жана коопсуздук, экологиялык маселелери кандай чечилип жатат? Бир дагы так жооп жок. Булар берген маалыматтарда үстүрттөн гана «бары жайында» деген гана сөз. Бирок, бары ойдогудай болуп жаткан жок. Биринчиден, алтын сатууга чектөө киргизилип коюлган. Демек, кыргыз алтындары Лондондо, эл аралык биржада мурдагыдай сатылбай калды. Экинчиден, булар алтынды Улуттук банкка сатабыз деп аракет кылып келген. Бирок, Улуттук банктын чектелүү гана мүмкүнчүлүгү бар. Орто эсеп менен «Кумтөрдө» 1 млрд. долларлык алтын казылып, сатылып жүргөн. Аны сатып алганга Улуттук банктын чамасы чектелүү. Бул жагы дагы бир топ кыйын абалда болгондуктан, өздөрү сүйлөшүүгө барганга аргасыз болуп жатышат. Президент айткандай бардыгы жайында болсо, анда эмне үчүн «Центерра» менен сүйлөшкөнү барат, жөн эле иштете бербейби».

Буга чейин бир канча саясатчылар улутташтыруу гана «Кумтөрдү» эл аралык аренада Кыргызстанга мыйзамдаштырып бере ала тургандыгын эскертишкен. Кыргызстан «Кумтөрдү» Бириккен Улуттар Уюмунун 1962-жылы кабыл алынган резолюциясынын негизинде улутташтыра алат. «1803» деп аталган резолюциянын 4-пунктунда «Ар бир мамлекет кен жайларын экологияга же адам өмүрүнө коркунуч келген учурда улутташтырса болот» деп көрсөтүлгөн. Бирок «Кумтөрдү» улутташтырууда сөзсүз түрдө «Центеррага» кенемте төлөп берүү  шарты белгиленген.

Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков Женевага барган кыргыз делегациясынын «Центерра» менен эки түрдүү сүйлөшүүгө барышы мүмкүн экендигин айтып, төмөнкүлөрдү билдирди.

«»Кумтөрдү» Кыргызстан өзүнө алып калышы үчүн, биз силерге кое турган доодон баш тарталы, силер да өзүңөрдүн дооңорду өзүңөргө калтыргыла. Бирок, биздин ошого кое турган дагы шартыбыз бар. «Кумтөрдү» өзүңөр иштете турган болгондон кийин «Центеррадан» чыгышыңар керек, андагы акциядан айрылышыңар керек. Ошол эле учурда рекултивация үчүн Канадада топтолуп жаткан акчадан баш тартасыңар» деп айтып, ошону менен «Кумтөр» өзүбүздө калып калышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө 50 млн доллардан ашык акча чогулуп калган. Бирок мындай мезгилде эмне болуп калышы мүмкүн. Бизде азыр үч жылга жете турган алтындын кору бар. Чалгындоо иштери жүргузүлгөн жок, себеби алар чалгындоо боюнча өздөрүнүн материалдарын бербей койду. Ошонун негизинде биз үч жыл иштетип, ошону менен токтоп калышыбыз мүмкүн да. Рекултивация жана экология маселелери өзүбүздө калып калышы мүмкүн. Экинчи сценарийнин дагы четин чыгарып айтышты, биргелешкен ишкана түзүп иштетебиз дешти. Ал жерде биздин үлүшүбүз көбөйүшү мүмкүн, иштердин баары токтотулуп, кайрадан жаңы ишкана түзүп иштеп калышы болжолдонууда. Ушул эки учурду күтүп турушубуз керек».

Ушул жылдын 17-сентябрынан тарта «Кыргызалтын» ишканасы Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) ишенимдүү жеткирүүчү компаниялар тизмесинен чыгарылган. Биримдиктин маалыматына караганда, «Кыргызалтын» ишканасы товар менен камсыздоо программасынын талаптарын аткарган эмес.

Ошол күндөн тарта заводдун продукциясы кабыл алынбайт жана аккредитациясы токтотулган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендей, «Кумтөр» тышкы башкарууга берилгенден бери бир грамм алтын сыртка чыккан эмес. Канча казылып, кайсы жакта сакталып жатканы да белгисиз. Адатта жыл сайын «Кумтөрдө» 18 тоннанын тегерегинде алтын казылып келген.

Copyright © 2017 Maral FM