Биз менен байланышыңыз

Байсалов: Президент жакында «Кумтөр» боюнча сүйүнчү айтат

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Фев 2022 | 1589 | 0

«Кумтөрдүн» тагдырын аныктоо иштери жүрүп жатат. Жакын арада президент өзү алтын кен боюнча сүйүнүчтүү кабар айтат. Бул — биз үчүн эң чоң жеңиш жана жетишкендик. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Маралдын» түз эфиринде берди.

Ал эл аралык экперттер бул жетишкендикке жакшы баа берип, таң калып жатышканын кошумчалады.

Байсалов «Центерра Голд» компаниясы 11,5 миллиард долларга алтын алып чыгып, бирок Кыргызстанга 25 жылдан бери 82-83 миллион доллардын тегерегинде акча бергенин маалымдады. Ал эми былтыр май айында «Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизилгенден кийин жарым жылда 300 миллион доллар киреше тапканын, экөөнүн ортосунда айырма чоң экенин баса белгиледи.

«Байкасаңыздар, «Центерра Голд» компаниясы бизге дайыма «Биз сиздердин жарандарыңарга жумуш берип жатабыз», — деп айтып келчү. Аларга иштеп берген, ак эмгектери менен тапкан биздин жарандарыбыздын айлыктарын кайра эле бизге милдет кылчу. Андан кийин өнүгүү обьектилерине 20 миллион сом, журналисттерге белектерди берип жалдап, өзүбүздүн «Кыргызалтынды» даңазалап мактатчу. А бирок улуттук байлыгыбыздын таза пайдасы жылына 7 миллион доллардай болгон. Ошондо 25 жылдан бери жалпы 82-83 миллион доллардын тегерегинде болгон сумманы бериптир», — деди Байсалов.

Мындан сырткары Байсалов «Центерра» менен соттошуп, чырлаша бергенден майнап чыкпай турганын, алар тараптан Кыргызстанда эл аралык инверсторлор үчүн шарттардын жоктугу сыяктуу терс пикирлер биздин өлкөнүн экономикасына чоң зыян алып келерин, эми мындан ары «Центерра» Кыргызстанга төлөп берерин айтты.

«Центерра Голд» компаниясынын бизге карата ар кандай сындары, ошол эле учурда «Кыргызстанда инвесторлорго шарт түзүлбөйт экен, басып алат экен» деген сыяктуу маалыматтары биздин экономикабызга чоң зыянын тийгизет. Алар менен соттошуп, чырлашсак пайда чыкпайт, ошондуктан азыр биз туура жолдобуз. Буга чейин алардын бизге болгон талаптары өтө чоң болчу, ал эми азыр болсо биз «Центеррага» бир тыйын бербестен, алар бизге беришет», — деди Байсалов.

Copyright © 2017 Maral FM