Биз менен байланышыңыз

Байсалов Улуттук квалификациялык кенештин биринчи жыйынын өткөрдү

Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 487 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук квалификациялык кеңештин биринчи жыйынына катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Өз сөзүндө Эдил Байсалов адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы негизги милдетти белгиледи.

«Бүгүнкү күндө өлкө алдында ата мекендик адистердин атаандаштык жөндөмүн жогорулатуу боюнча актуалдуу жалпы улуттук милдет турат. Адам капиталына инвестициялоонун өзү көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет. Бул максатта кесиптик билим берүүнү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү жаатындагы натыйжалуу саясаттын ыкмаларын колдонуу зарыл. Биз кыргызстандыктардын эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болушу үчүн адистердин квалификациясын жогорулатууга шарт түзүүбүз керек», — деди Байсалов.

Иш-чаранын жүрүшүндө белгиленгендей, кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү деңгээлин жогорулатууга жетишүүнүн маанилүү экономикалык куралы катары Улуттук квалификациялык тутумун түзүү каралууда.

Улуттук квалификациялык кеңеш Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы №78 токтомуна ылайык түзүлгөн.

Кеңештин негизги милдети катары мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн, мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү мекемелеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жергиликтүү жамааттардын улуттук квалификациялык тутумду өнүктүрүүнү пландаштыруу, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча ишин координациялоо саналат.

Кеңештин төрагасы катары Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блок боюнча орун басары эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM