Биз менен байланышыңыз

«Кымбатчылыкты эл түшүнүү менен кабыл ала баштады»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Фев 2022 | 724 | 0

Бүгүнкү күндө элди түйшөлткөн кымбатчылык маселеси Кыргызстанда эле эмес, дүйнө өлкөлөрүндө болуп жатат. Эл да муну түшүнүү менен кабыл ала баштады. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу сакталбай жатат. Ал ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу тууралуу мактануунун кажети жок деп эсептейт. Себеби керектүү азык-түлүк менен өзүбүздү толук камсыздаган, бага турган айыл чарбабыз жок.

Байсалов күйүүчү майдын кымбатташы боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:

«Күйүүчү май бизден өндүрүлбөйт, сырттан импорттойбуз. Былтыр ноябрь айында бизге күйүүчү майды импорт кылып жаткан компаниялар кайрылып, 10-15 сомго кымбаттатабыз дегенде бийлик тарабынан катуу чара көрүлгөн. Ошондуктан азыр кымбаттаган баалар анчейин көтөрүлгөн жок, болбосо эки эсеге кымбаттап кетүү коркунучу турган», — деди Байсалов.

Ал быйылкы жылы айыл чарбаны өнүктүрүүгө жана азык-түлүк менен элди жетиштүү деңгээлде камсыз кылууга багытталган чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. Анын маалыматына караганда, быйыл дыйкандарга 29 миллиард сом 4-6% менен каржылоо булактары ачылган, үрөнгө 1,5 миллиард сом, ал эми ирригациялык маселелерге 1 миллиард сом бөлүндү.

Copyright © 2017 Maral FM