Биз менен байланышыңыз

Бийликчил фракциялар Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун берди

Саясат | 28 Апр 2023 | 695 | 0

28-апрелде Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобу биргелешкен жыйын өткөрүп, анда өкмөт 2026-жылга чейин белгиленген Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышты. Депутаттар өлкөдө чечилбей жаткан маселелерди көтөрүшүп, өкмөттүн кадр саясатын сынга алышты.

Жума күнкү Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында 2026-жылга чейин белгиленген Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасынын аткарылышы талкууланды.  Алгач Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүү аркылуу жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралардын беш жылдык планы иштелип чыкканын билдирди.

«Аталган планга 853 иш-чара киргизилип, бүгүнкү күндө анын 650сү аткарылды. Бул пландын 78%ын түзөт. Алсак, улуттук программанын артыкчылыктуу багыты реалдуу экономикалык өсүштүн жылдык темпин орточо 5% деңгээлинде камсыз кылуу болуп саналат. Ошол эле учурда былтыркы жылы өсүү темпи 7% болгонун белгилей кетүү керек. Мындан тышкары жан башына 1500 доллардан кем эмес ИДПга жетишүүгө, ИДПнын 13%ынан кем эмес өлчөмдө тике чет өлкөлүк инвестициялардын жыл сайын келүүсүн камсыздоо максатталган. Кошумчалай кетсек, өткөн жылы тике чет элдик инвестициянын көлөмү 1 млрд доллардан ашып, ИДПга салыштырмалуу 10%ды түздү».

Талкуу маалында депутат Искендер Матраимов өлкөдөгү кадр саясатын сынга алып, эки жылда төрт-бештен министр алмашып жатканынын себебин билүүгө кызыкты.

«Кадрды кантип даярдап жатасыңар, бул боюнча президенттин администрациясында кайсы бөлүм иштейт? Кадрлар билимдүү-илимдүү болсо, президент баштаган реформалар алдыга жылат. Бүгүн Кыргызстанда кадр саясаты кандай тартипте жүрүп, ким көзөмөлдөп жатат, эмне үчүн кадр саясаты начарлап кетүүдө? Ротация акимге чейин жасалса жакшы болмок, андан ылдыйга түшүп кеттик. Кээ бир министрлердин орун басарлары бир-эки ай иштеп кетип калууда».

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров кадр тандоодо илгеркидей эле аймактык баланс, айымдар көп болсо экен деген саясатка таянып жатышканын айтты.

«Мен да, президент да министрге «бир орун басарыңды жумуштан ал же департаментке муну дайында» деп айтпайбыз. Мурда жамааттык түрдө жооп беришчү эле, азыр жеке жоопкерчилик киргизгенбиз. Өзүнүн иштөө принцибине жараша кадрларын дайындап жатышат. Кимдер жетишпесе, аялдамада калып кетүүдө. Көбүн оңдогонго аракет кылып жатабыз, сөгүш жарыялап, дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берип, дароо эле балта менен чаап салып, «сен кет» деген жерибиз жок. Жарым жыл, бир жыл карап жатабыз. Президентибиз да чыдамкай киши экен, такыр болбой калганда гана кетирип жатабыз. Ош облусунун башчысына да жарым жыл мурда текшерүүлөр жүрүп жаткан. Аягында далилденип чыккандан кийин алмаштырдык».

Ошондой эле ал социалдык тармактарга чыккан билдирүүлөрдү карап турушарын, аны президент да көзөмөлгө аларын белгиледи.

Депутат Шайлообек Атазов да кадр маселесин көтөрүп, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду идеологияга каршы иш алып барып жатканын сындады.

«Мына кадр саясатында үстүңкү катмарларды жакшы койдуңар да, ылдый түшкөндө эле баткак башталып жатат. Аларды бүт тазалап, элдин жүгүн көтөрө турган кадрларды койсоңуздар жакшы болот эле. Глобалдык фонддон 29 млн доллар келсе, вицеңиз аял менен аял үйлөнгөнгө макулдук берип жатат. Эдил Байсалов деген мырза, Кыргызстанда кыргыз улутунун, дининин, салтына каршы келген идеологияны булар эмнеге жүргүзүп жатат?» 

Акылбек Жапаров ага жооп катары жакында Жогорку Кеңешке Үй-бүлөлүк кодекс сунуштала турганын, анын негизинде мындай маселелер иретке келерин айтты.

«Үй-бүлөлүк кодексти жакын арада алып келебиз. Мына ошол кодекс менен баарын иреттеп, жолго коёбуз. Буга чейин адам баласынын укугу деп, баарын кабыл ала берген экенбиз. «Каалаганын кылат» деп жүрсөк, «мындан ары болбойт» деп жатабыз. «Үй-бүлө деген — бул аял менен эркектин ортосундагы союз» дегенди бекитип, «бала-чаканы тарбиялаганга үй-бүлөнүн жоопкерчилиги бар» деген мыйзамдын долбоорун алып келели деп жатабыз».

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы менен «Мекенчил» депутаттар тобу  экинчи маселе катары 2024-жылы Глобалдык фонд тарабынан бериле турган 29 миллион доллардын максаттуу пайдаланышын талкуулашты.

Эл өкүлдөрү каражаттын көпчүлүк бөлүгү гомосексуалдарды колдоого жумшалып жатканын, ага мамлекеттик көзөмөл киргизүү керектигин айтышты. Себеби учурда грантты ПРООН алып, улуттук каада-салттарга жат көрүнүштөрдү колдоого сарптап, отчет да бербей жатканын белгилешти. Ал эми Байсалов муну көзөмөлдөбөй турганын айтып, парламентке кыйнап эле чакырышканын билдирди.

Бирок депутат Надира Нарматова бул маселени көзөмөлдөө анын милдети экенин белгилеп, Эдил Байсаловду кызматтан алуу чечимин сунуштап, аны президентке жөнөтүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында Байсаловду кызматтан алуу тууралуу президентке сунуштама жиберүү боюнча фракциянын жана депутаттык топтун чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Жылдыз Садырбаева Глобалдык фонд ар бир үч жыл сайын ВИЧке жана кургак учукка каршы күрөшүү багытында Кыргызстанга 29 миллион доллардан грант берерин айтып, бирок аны бейөкмөт уюмдар башка максатта колдонуп жатканын айткан. Мисал катары гомосексуализмди алдын алууга эмес, пропагандалоого жумшалган каражаттарды атаган.

Copyright © 2017 Maral FM