Биз менен байланышыңыз

Украина-Орусия чатагы: Кыргызстанда азык-түлүк, күйүүчү май кымбаттайт

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2022 | 862 | 0

Американын президенти Жо Байден кайрылуу жасап, Орусияга дагы күчөтүлгөн санкцияларды киргизе турганын жарыя кылды. Тагыраагы, доллар, фунт, йен менен соода жүгүртүүсүнө тыюу салды, Орусия банкына санкция киргизди. Андан сырткары G7нин мүчөлөрү жогорку технологиялык өндүрүмдөрдү Орусияга импорттоону 50%га кыскартуу чечимин кабыл алды.

Экономист Элдар Абакиров «Маралдын» эфиринде аталган санкциялардын Кыргызстанга тийгизген таасири тууралуу айтып берди.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасы 70%га Орусиядан көз каранды. Абакиров белгилегендей, абал дагы да курчуп кетиши мүмкүн, буга байланыштуу ишкерлер жана өкмөт тийиштүү чараларды көрө башташы керек.

«Мындай учурларда бир гана өлкөдөн көз каранды болуу канчалык кооптуу экени көрүнөт. Ошондуктан бир өлкөгө «байланбай», башка өлкөлөр менен да кызматташып, өзүбүздүн продуциябызды башка жактарга да сатып үйрөнүшүбүз керек», — деди Абакиров.

Мындан сырткары экономист азыркы дүйнөдөгү кырдаал биздин көпчүлүк азык-түлүктүн (ун, өсүмдүк май) жана күйүүчү майдын мындан да кымбатташына алып келерин, ар бир жаран акысын мурункуга салыштырмалуу 12%га аз алып калышы мүмкүн экенин эскертти.

«Сом менен киреше тапкан ар бир жарандын айлыгы 12%га азаят. Мурун 10 миң сом алып жүргөн жаран эми 8800 сом алып калат. Бул — чоң сокку», — деп кошумчалады экономист.

Copyright © 2017 Maral FM