Биз менен байланышыңыз

Азык-түлүктүн кымбатташынын негизги 4 себеби айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Фев 2021 | 1108 | 0

Кыргызстанда азык-түлүктүн кымбатташынын бир нече себептери бар. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Акжолтой Тукунов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүктүн кымбатташына биринчиден, пандемия себеп болду. Экинчиден, соода-сатыктын басымдуу бөлүгү доллар менен жүргүзүлөт. Үчүнчүдөн, 2020-жылдын октябрындагы башалмандыктар. Төртүнчүдөн, өз кызыкчылыгын коргогон ишкерлердин аракеттери.

«Мындай ишкерлер кырдаалды өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланып, бааларды 2-3-10 эсе көтөрүп салышты. Алсак, Жогорку Кеңештеги депутаттардын, өкмөт мүчөлөрүнүн фармкомпания жаатында бизнестери бар. Мурдагы Саламаттыкты сактоо министрлери Дамира Ниязалиева менен Космосбек Чолпонбаевдин фармкомпаниялары дары-дармектердин баасын көтөргөн. Мунун баары — кыргыз элине кылынган кыянаттык», — дейт Тукунов.

 

Copyright © 2017 Maral FM