Биз менен байланышыңыз

Бүгүн борбор калаада айыл чарба жарманкелери өтөт

Кыска кабар | 20 Фев 2021 | 752 | 0

Бүгүн 20-февралда Бишкек шаарынын бардык райондорунда айыл чарба жарманкелери ачылат.  Жарманкеде 53 компания жана 61 фермердик чарбанын базар баасынан арзан товарлары сатылат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөржайы жана мелиорация министрлиги кабарлады.

Өткөрүлүүчү жарманкелердин негизги максаты – калкты азык-түлүктүн негизги түрү менен жетиштүү көлөмдө жана арзан баада камсыздоо. Бишкек шаарындагы жарманкелердин даректери:

-Биринчи Май районундагы жарманке Раззаков көчөсүндө, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши;

-Октябрь районундагы жарманке 12-кичи райондо Нуркамал Жетикашкаева жана Аалы Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилиши;

-Свердлов районундагы жарманке Восток-5 кичи районунда Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөсүнүн кесилиши;

-Ленин районунда жарманке Бакаев (мурдагы Чапаев) жана Айни көчөлөрүнүн кесилиши;

Айыл чарба жарманкелери бүгүн Бишкек жана Ош шаарларында гана эмес, өлкөнүн бардык облустук жана райондук борборлорунда өтөт.

Белгилей кетсек, жарманкелер ар аптанын ишемби күндөрү уюштурулуп келе жатат.

Copyright © 2017 Maral FM