Бүгүн 20-февралда Бишкек шаарынын бардык райондорунда айыл чарба жарманкелери ачылат. Жарманкеде 53 компания жана 61 фермердик чарбанын базар баасынан арзан товарлары сатылат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөржайы жана мелиорация министрлиги кабарлады.
Өткөрүлүүчү жарманкелердин негизги максаты – калкты азык-түлүктүн негизги түрү менен жетиштүү көлөмдө жана арзан баада камсыздоо. Бишкек шаарындагы жарманкелердин даректери:
-Биринчи Май районундагы жарманке Раззаков көчөсүндө, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши;
-Октябрь районундагы жарманке 12-кичи райондо Нуркамал Жетикашкаева жана Аалы Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилиши;
-Свердлов районундагы жарманке Восток-5 кичи районунда Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөсүнүн кесилиши;
-Ленин районунда жарманке Бакаев (мурдагы Чапаев) жана Айни көчөлөрүнүн кесилиши;
Айыл чарба жарманкелери бүгүн Бишкек жана Ош шаарларында гана эмес, өлкөнүн бардык облустук жана райондук борборлорунда өтөт.
Белгилей кетсек, жарманкелер ар аптанын ишемби күндөрү уюштурулуп келе жатат.