Биз менен байланышыңыз

Быйыл өлкөдө негизги азык-түлүктөр 50% камсыздалган

Коом , Экономика | 28 Окт 2022 | 827 | 0

Азык-түлүккө болгон баанын өсүшү эмнеге көз каранды? Шаар тургундары кымбатчылыкты кантип жеңип атат?

Орусия Украинага кол салгандан бери дүйнөлүк экономика олку-солку болуп, мунай, күйүүчү май, жер семирткичтердин баасынын кымбатташына алып келди. Мындан улам бир канча керектөөчү азыктардын экспорттолушуна чектөөлөр коюлган.

Азык-түлүк коопсуздугунун негизин түзгөн 9 азык-түлүк бар. Кыргызстан анын үчөө менен гана өзүн-өзү камсыздайт. Калганы башка өлкөлөрдөн импорттолуп келгени үчүн сыртка көз каранды. Кышка жакын баалардын өсүшү дагы байкалууда.

Ал эми базардагы алармандар менен баарлашканыбызда көпчүлүгү тапкан акчасы азык-түлүктөн ашпай жатканын айтып, а түгүл пенсионерлер пенсиясы тамак-ашына да жетпей калып жатканына даттанышты.

Бишкек шаарынын тургуну Салима Кубанычбекованын күнүмдүк тапкан акчасы азык-түлүк алуудан ашпайт. Ал кымбатчылык айланы кетирип турганда, жол киренин көтөрүлүп жатканына дагы кыжаалат.

«Бул жылы баары кымбаттады го. Жол кире да аз күндөрү кымбаттайт деп жатышат, мен тээ конуштардан эки маршрут менен келем жумушка. Күнүмдүк тапканым тамак-аштан артпайт. Баары келип кымбатчылыкка такалат».

Азык-түлүк кымбаттаганынан пенсиясын жеткире албай жүргөн 70 жаштагы Зуура Акматова да бар. Пенсия көтөрүлгөнү менен айына короткон акчасы алган пенсиясынан эки эсе көп экенин айтып, кымбатчылыкка нааразы.

“Май, кумшекер, эт баары кымбат. Менин пенсиям 7 миң сом болчу, азыр 9 миң сомго көтөрүлдү. Мурун майда-чүйдө алып, артканына кийим кече кылчубуз. Азыр ошол 9 миң сом дагы жетпейт. Бир айга 15-20 миң коротулуп калды азыр. Эмнесин айтайын дагы?..”

Бирок мындай инфляцияны туура кабыл алып, түшүнүү менен мамиле кылган аларманды да учураттык. Амангелди Алиев кымбатчылыкты жон териси менен сезип жатканын айтып, ага себеп болгон нерселерди мамлекет өзгөртө албай турганын билдирди.

“Кымбатчылык сезилип атат, албетте. Мурун колумдагы кофе 100 сом эле, азыр 150 сом. Бул самын 40 сом болчу, азыр 65 сомго алдым. Эми мунун баары соляркага байланыштуу болуп атканын түшүнүп турабыз. Эгер күйүүчү май кымбат болсо, бардык нерсе кымбат болот. Мисалы, буудай, ун Казакстандан келет, кумшекер Орусиядан келет, дагы толтура нерсе сырттан ташылып келет. Мына ошол ташылгандын баары күйүүчү май коротуп келип жатпайбы, кымбаттайт да анан. Буга эч нерсе кылалбайбыз”.

Бирок Кыргызстан тышкы инфляцияны жеңил кабыл алууга иш-аракеттерди көрө алат. Муну жазында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да айтып, инфляциянын күчөп кетпеши үчүн Кыргызстан керектүү азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыз кылыш керектигин билдирген.

Мисалы, Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы 769 миң буудай керектесе, анын 393 миңи гана өлкөдөн чыгып, 376 миңи импорттолот. Тактап айтканда, 49% буудай сырттан сатылып алынат.

Ушундай эле, кумшекердин да 60%ы сырттан импорттолуп келген. 2021-жылы кыргызстандыктар жалпы 170 миң тонна кум шекер керектесе, анын 64 миңи менен гана өзүн-өзү камсыздаган. Калган 106 миң Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн импорттолгон. Бул бир чети гана.

Орусия Украинада согуш ачкандан бери кумшекерди экспортоого тыюу салган. Андан бери Кыргызстан кумшекерди Бразилия, Индия сыяктуу өлкөлөрдөн импорттогон.

Айыл-чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башкы адиси Чолпонай Жолоочу кызы коопсуздукту камсыздоо үчүн жасалган иш-аракеттер тууралуу буларды айтты:

“Биз биринчи кезекте кумшекер, нан азыктары, өсүмдүк майы сыяктуу бизде жетишпей жаткан азыктарды экспорттоого чектөө киргизгенбиз. Анын жыйынтыгында бул азык түлүктөр менен Кыргызстан өзүн-өзү 50 пайызга камсыздады. Андан сырткары аларды импорттоого кошумча нарк салыгы алынган. Жыйынтыгында бул азыктардын таңкыстыгы байкалган жок”.

Октябрь айынан тарта өлкөдө кант кызылчасы өндүрүлө баштагандыктан сырттан кумшекер алып кирүүгө тыюу салынган.

Ал эми баалардын өсүшүн тескеп турган Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азырынча баалар көзөмөлдө гана болуп жатканын билдирди. Мекеменин жетекчисинин орун басары Акжолтой Тукунов баалардын орто баасы 2021-жылга салыштырмалуу бир топ кымбаттаганын айтты.

“2021-жылдын октябрь айында 1-сорттогу буудай уну орто баасы 35 сом болгон. Быйыл октябрь айында 43 сом. Кумшекер 66 сом болчу, азыр 88 сом орто баасы. Ошондой эле уй этине болгон баа былтыр октябрь айында 465 сом, 2022-жылы октябрь 498 сомду түзөт. Эми бул орто эсеп менен, ар жерде ар кандай болуп жатат”

Ошентип кыргызстандыктар сатып алган азык-түлүктүн жарымынан көбү сырттан ташылып келет. Өкмөт инфляцияга туруштук берүү үчүн азык-түлүктү Кыргызстанда өндүрүүнү көбөйтүү керектигин белгилеп келет.

Кыргызстан азырынча эң керектүү делген кумшекер, картошка, нан азыктары, мөмө жана жер жемиштер, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, өсүмдүк майы, сүт азыктары, эт азыктары, жумурткадан турган 9 азыктын үчөөсү менен гана өзүн-өзү камсыздап, сыртка экспорттой алат. Алар картошка, сүт азыктары, жашылча жер жемиштери.

Copyright © 2017 Maral FM