Биз менен байланышыңыз

Жумушсуздар иш, компаниялар жумушчу издеген жарманке

Коом | 18 Окт 2022 | 583 | 0

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук Филармонияда өткөн жарманкеде жумуш берүүчү 70тен ашуун компания бош жумуш орундары тууралуу маалымат беришти. Иш-чарага мектеп окуучулары, студенттер жана окуу жайды бүтүрүп, жумуш издеп жүргөн жаштар катышты. Бул жарманке Кыргыз-герман кызматташтыгы жана «ЖИА» бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Өзүн Нурсултан деп тааныштырган жигит буга чейин Орусияда иштеп келген. Азыр Бишкекте жумуш издеп жүрөт. Эгер ылайыктуу орун табылса курулуш тармагында иштей турганын айтты.

“Негизи курулуш тармагын карап жатам. Буга чейин Москвада эксковатор айдап иштеп келгем. Азыр эми Бишкекке келип карап атам, жалаң эле кран башкаргандар керек дейт, эксковатор айдаган айдоочу керек деген чыкпай атат. Бул жерде болсо андан кызыктуу жумуштар чыгып жатат, дагы көрөлүчү. Бирок айлыктар мен ойлогондон бир топ эле аз экен бул жакта.”

Кыргызстанда Нурсултан сыяктуу жумуш издеген жарандар четтен саналат. Ошол маселени чечүүгө көмөк кылуу максатында “ЖИА” бизнес ассосациясы жана GIZ Германиянын эл аралык кызматташтык уюму вакансиялардын жарманкесин уюштурду.

Анда басымдуу Бишкек шаарындагы жеке компаниялар катышып, бош орундарды жумуш издөөчүлөргө сунуш кылды. Мисалы, курулуш, тейлөө, мейманкана, жеңил өнөр жай, өндүрүш тармагындагы жеке секторлор, билим берүү жаатындагы борборлор жана медициналык жеке ооруканалар сунуштары менен келишти.

«ЖИА» бизнес ассосациясынын төрагасы Жоодар Омошев бул аянтчада көбүрөөк жаштарга жардам берүүгө аракеттенгенин айтат. Ал окуучуларга туура багыт берүү, кесипти туура тандоо багытын көздөйт. Ал эми окуу жайды бүтүп, жумуш издеген жаштарга иш берүүчүлөр менен бир аянтчада жолугуштуруу максатын койгон.

“Бул жерде бир максатыбыз – өсүп келе жаткан, кесип ээлери болуп жаткан жаштырыбызга туура багыт берүү жана жумуш берүүчүлөр менен жумуш издегендердин ортосунда көпүрө болуп берүү. Мындай платформаны уюштуруу — жумуш берүүчүлөр ассосациясынын (ЖИА) негизги функциясы болуп эсептелет. Бул жерде мүмкүн болушунча көп убакыт коротпой жумуш берүүчүлөр тууралуу толук, туура маалыматка ээ болууга шарт түзүлдү”, — деди Омошев.

Жоодар Омошев мындай иш-чаралар жылына 2 же 3 жолу болуп туруусу керектигин кошумчалады.

Жарманке ишкерлерге да катышуучуларга да акысыз болуп, анда мамлекеттик органдарга да жарыяланган 2 миң 500 вакансия сунушталды.

Кыргызстандагы “Кока Кола” компаниясы да жарманкеде бир канча жумушчу орундарын сунуштады. Компаниянын өкүлү Казыбек Сабырбеков жумушка талапкерлердин арасынан чет тилдерин билгендерге басым жасалып, конкурстун негизинде кабыл алынарын айтты.

“Биз бул жерге бир канча вакансия менен келдик. Азыркы учурда бизге HR адиси, өндүрүү багытындагы оператор, инженерлер керек. Азыр келип, анкеталарды толтуруп кетип жатышат, биз аларлды окуп, таанышып чыгып, талаптарга жооп берген жарандар менен байланышабыз. Экинчи этабына өзүбүздүн кеңсеге чакырып, интервью кылабыз. Талаптар боюнча, биринчи кезекте жогорку билимдүү болушу керек. Анын ичинен англис тилин, түрк тилин, орус тилин билгендер болсо, конкурста аларга басым жасалат, келип катышса болот”.

Кыргызстандагы ири өндүрүш заводдорунун бири “Кант ТШИ” компаниясы да бул иш-чарага бир канча бош орундарына жумушчуларды чакыруу үчүн келген. Компаниянын өкүлү Жамиля айым иш-чара жакшы уюштурулганын жана жумуш сурап, анкета толтургандар көп болуп жатканын айтты.

“Бизде азыр вакансия аябай көп. Башкарууда, бухгалтерлер, IT адистери жана менеджер, цехке операторлор, кесүү жана сырдоо участогуна жумушчулар керек. Азыр анкета толтургандар аябай көп болуп жатат, биз карап, туура келендерди экинчи этапка чакырабыз”

Бул компанияга жумушка кабыл алуунун экинчи этабы Кант шаарында болуп, аларды компания атайын транспорт менен Бишкектен алып барат.

Буга чейин Орусияда жарым жартылай мобилизация жарыяланып, жүз миңдеген орус жарандары өлкөдөн чыгып кеткен. Алардын арасында Кыргызстанга келгендер да бар. Бүгүнкү жарманкеге Орусиялык жарандар да катышып, өлкөсүндөгү абал тынчыганга чейин Кыргызстанда калууну туура көрөрүн айтып беришти.

Орусиядан эки баласы жана жолдошу менен келген Дарья, бүгүн жумуш издеп келди. Ал жолдошу үйүндө аралыктан иштегендиктен, балдарын ага таштап, өзү иштей турганын айтат.

“Ооба, азыр мен өзүмө туура келген вакансия карап, анкета толтуруп чыктым. Жакынкы күндөрү мени жумушка чакырып калышат деп үмүт кылам. Орусияда абал курч, азырынча бул жакта калып, жашап тура берели деп чечтик. Үйдө иштебей отуруу дагы кыйын, балдарды жолдошум көзөмөлдөп турса, иштей берейин деген чечимге келдим”

Статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2021-жылы Кыргызстанда жумушсуздардын расмий саны 76 миңдин түзгөн. Алардын 41 миңден ашыгы Ош жана Жалал-Абад облустарында каттоого турган. Ал эми Бишкек шаарындагы жумушсуз жарандардын саны 6 миңди көрсөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM