Биз менен байланышыңыз

Ошто ишкерлердин жаңы форматтагы иш-чарасы өтөт

Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 705 | 0

11-февралда ишкерлердин «𝐅𝐨𝐫𝐦𝐮𝐥𝐚 – Жаңылуудан жетишкендикке» аттуу жаңыча форматтагы иш-чарасы болот.

Анда ишкерлер өзүнүн тармагында кандай тоскоолдуктар болгонун, кыйынчылыктарды кантип жеңгенин, жаңылыштыктардан кантип ийгиликке жетүүгө болорун формула түрүндө баяндап берет.

JIA Бизнес-ассоциациясы жана Accelerate Prosperity тарабынан уюштурулган иш-чара Ош шаарындагы «Нур» кинотеатрында өтөт.

Толук маалыматты + 996 551 376 744 номуру аркылуу алууга болот. Катталуу ушул шилтеме аркылуу жүрөт.

Accelerate Prosperity долбоору ишкерликти өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын айылдарынын экономикасын көтөрүүгө багыт берет.

«Марал» – иш-чаранын медиа өнөктөшү.

Copyright © 2017 Maral FM