Биз менен байланышыңыз

«Маткасымов» компаниясы Бишкектеги обсервацияларга дезинфекциялоо туннелин орнотуп берди

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 1078 | 0

JIA Бизнес-ассоицациясынын “Кайрымдуу ишкер” долбоор алкагында бүгүнкү күнү 4 туннел орнотулду. Алар “Газпром” спорткомплекси, Спорт Ордосундагы стационарда жана Медициналык академиядагы обсервацияга жайгаштырылды.

“Биздин компания антенна жана үй-тиричилик буюмдарын өндүрүү менен алектенет. Учурда пандемияга байланыштуу дезинфекциялоо туннелдерин, санитайзерлерди өндүрө баштады. Дезинфекциялоочу каражат катары суутектин кычкылынын 3 пайыздык эритмеси колдонулду. Бул чечим эң коопсуз жана натыйжалуу курал деп эсептелет. Азыркы учурда 4 туннел орнотулду. Келечекте дагы башка ооруканаларга жана аймактарга өткөрүп берүүнү пландап жатабыз”, –деп билдирди негиздөөчүсү Убай Эрнис уулу.

Туннелдерди өндүрүүчүнүн айтымында, алты туннелдин жалпы баасы 470,000 сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM