Биз менен байланышыңыз

JIA бизнес-ассоциациясы ЕАЭБ сотуна кайрылууга укук алды

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 230 | 0

JIA бизнес-ассоциациясы Евразия Экономикалык Биримдигинин сотуна Кыргызстандын атынан кайрылуу укугун алганын кабарлады.

Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 12-февралда кол койгон.

Евразия Экономикалык Биримдигинин сотунун статусуна ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана бизнес-ассоциациялар Кыргызстандын атынан ЕАЭБ сотуна талаш-тартышты кароо жөнүндө арыз менен, ошондой эле ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболорун, биримдиктин алкагында түзүлгөн эл аралык келишимдерди жана биримдиктин органдарынын чечимдерин түшүндүрүү жөнүндө кайрыла алышат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан тышкары ЕАЭБ сотуна кайрылууга ыйгарым укуктуулардын Эл аралык ишкерлер кеңеши жана КР Соода-өнөр жай палатасы кирет.

ЕАЭБ сотуна кабыл алынган чечим жөнүндө маалыматты кабарлоо Тышкы иштер министрлигине тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM