Биз менен байланышыңыз

Президент Евразия Экономикалык Кеңешинин онлайн жыйынына катышат

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 418 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Жогорку Евразия Экономикалык Кеңешинин (ЖЕЭК) видеоконференция форматында өтө турган кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларына аткарылган иштердин жыйынтыгы, тоскоолдуктарды жоюу, ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын ишке ашыруу тууралуу жана башка бир катар баяндамалар угулат.

Мындан сырткары мүчө-мамлекеттердин 2021-2022-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын, дары-дармектерди жана фармацевтикалык субстанцияларды чыгаруу жаатында кызматташуу жана интеграциялык процесстерди тереңдетүү чөйрөсүндөгү башка маселелерди кароосу күтүлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM