Биз менен байланышыңыз

Футбол: Садыр Жапаров мелдештин «мыкты бомбардири» деп аталды

Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 661 | 0

Бишкекте 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата достук оюну өттү. Иш-чара Кыргыз футбол союзунун демилгеси менен уюштурулган. Ага Президенттин Администрациясынын, футбол ардагерлеринин, журналистердин, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринен турган алты команда катышты.

Оюндардын жыйынтыгы боюнча биринчи орунду маданият ишмерлеринин «Өнөр» командасы ээледи.

Экинчи орунду футбол ардагерлеринин «Алга», ал эми үчүнчү орунду президент Садыр Жапаров башында турган команда ээледи.

Мамлекет башчысы оюндун жыйынтыгын чыгарып жатып, мелдештер достук маанайда өтүп жана ар бири өз күчүн көрсөтө алганын белгиледи.

Садыр Жапаров билдиргендей, бул мелдештерди жакшы салтка айлантып, жылына эки жолу — май жана декабрда, башка тармактардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүүнү сунушташкан. Сунуш бир добуштан колдоо тапкан.

Оюндун жыйынтыгы менен төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:

  1. «Достук мелдешинин дебютанты» Кудайберген Базарбаев — Президенттин Администрациясы командасы,
  2. «Достук мелдешинин аксакал оюнчусу» Владимир Орешин — «Алга» командасы (75 жаш),
  3. «Достук мелдешинин мыкты күйөрманы» Абыл Тагайболотов (11 жашта),
  4. «Достук мелдешинин команданын эң мыкты жетекчиси» Борис Подкарытов — «Алга» командасы,
  5. «Достук мелдешинин эң кооз голу» Канат Шабданбаев — Федерациялар командасы,
  6. «Достук мелдешинин Fair play командасы» — Журналисттер командасы,
  7. «Достук мелдешинин мыкты дарбазачысы» Камчы Сарыбаев — «Өнөр» командасы,
  8. «Достук мелдешинин мыкты чабуулчусу» Максат Ишенбаев — Бизнес командасы,
  9. «Мыкты бомбардир» — Президент Садыр Жапаров,
  10. «Достук мелдешинин мыкты оюнчусу» Канатбек Сейталиев — «Алга» командасы.

Андан соң, «Алга» футбол командасынын ардагерлери Мамлекет башчысы Садыр Жапаровго эстеликке сувенир — колтамгалары түшүрүлгөн топту белек кылышты.

Президент Садыр Жапаров 1 млн сом өлчөмүндөгү байге фондун бардык командалар бир добуштан Токмок шаарындагы балдардын үй-интернатына өткөрүп берүүнү чечишти.

Copyright © 2017 Maral FM