Биз менен байланышыңыз

Бүгүн президенттин катышуусунда соцкызматкерлердин жыйыны өтөт

Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 478 | 0

Бүгүн, 4-апрелде Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйыны өтөт.

Өлкөнүн бардык аймактарынан билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарынын өкүлдөрү катыша турган иш-чарада республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Иш-чара КТРК жана республикалык телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылат.

Жыйын саат 10:00до башталат.

Copyright © 2017 Maral FM