Биз менен байланышыңыз

Мирзиеев Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 6 Дек 2021 | 496 | 0

Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өзбекстандын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн башчылары эки тараптуу күн тартибин жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Шавкат Мирзиеев, Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады. Ал Садыр Жапаровдун эки өлкөнүн ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелерди чыңдоодогу олуттуу салымын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров өзбек кесиптешине жылуу каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-өзбек күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча биргелешкен достук жана конструктивдүү ишти улантууга даярдыгын тастыктады.

Мамлекет башчысы ошондой эле эки мамлекет ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоонун, Кыргызстан менен Өзбекстандын калкынын жыргалчылыгы үчүн эки тарапка пайдалуу долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM