Биз менен байланышыңыз

Президенттин Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусу

Кыска кабар | 3 Дек 2021 | 1108 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда 3-декабрь — дүйнө жүзү менен бирге Кыргызстанда майып жарандарга коомдун толук кандуу мүчөлөрү катары сый-урмат көрсөтүү күнү катары белгиленип келгенин, алардын өзгөчө муктаждыктарына жана көйгөйлөрүнө бүгүн эле эмес, ар дайым көңүл буруу максатында иш-аракеттер көрүлүп жатканын айткан.

«2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы» программасын ишке ашыруу майыптарды реабилитациялоо жана коомго толук кандуу кошуу чараларын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты мындан ары да улантууга мүмкүндүк түзөт.

Кыргызстан БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоо менен республикабызда аныкталган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 196,4 миңге жакын адамдын жашоо шартын жакшыртуу иш-аракетин көрүп жатат.

«Урматтуу мекендештер! Элибиз эзелтеден кайрымдуу. Калк арасында майыптыгы бар адамдарга боорукер, мээримдүү мамиле жасап, аларга каралашкан инсандарыбыз көп. Ага жараша мамлекет менен коом ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди ар тараптан колдоо саясатын мындан ары да арттырат. Андай жарандардын жашоосун жакшыртуу жана укуктарын коргоого байланыштуу маселелер ар дайым аткаруу бийлигинин көңүл чордонунда болот» , — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Copyright © 2017 Maral FM