Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура «JIA» Бизнес ассоциациясы менен кызматташат

Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 2031 | 1

Ишкерлердин укугун коргоо жана жагымдуу инвестициялык климат түзүү максатында Башкы прокурор Курманкул Зулушев «JIA» Бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда мамлекеттик органдардын ыксыз текшерүүлөрүнүн ишкердикке тийгизген таасири, салык органдары тарабынан салык санкцияларын ашыкча чегерүүдөгү көйгөйлөр, объектилерди куруу үчүн уруксат кагаздарын алуудагы түрдүү тоскоолдуктар, муниципалдык бийлик тарабынан жер тилкелерин бөлүүдө жана аларды пайдалануудагы мүчүлүштүктөр туурасында сөз жүрдү. Башкы прокурор менен ишкерлердин жолугушуусунда дагы кандай маселелер каралды? Бул туурасында «JIA» Бизнес-ассоциациянын директору Фархад Пакыров менен  маектештик.

— Фархад мырза, саламатсызбы? Кечээ өлкөнүн Башкы прокурору Курманкул Зулушев сиз баштаган ишкерлер тобун кабыл алды. Жолугушууда кайсы суроолор боюнча талкуу болду?

— Пандемиядан кийинки экономикалык каатчылыктан ишкерлердин абалы оор болуп, кыйналып жаткан учурда биз Башкы прокурор менен жолугуп, ишкердик тармагында кызматташуу боюнча сүйлөштүк. Себеби азыр бюджеттеги таңкыстык, жумушсуздук маселеси курч бойдон турат, социалдык абал да оор. Муну эске албаган кээ бир укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкерлери: «Бюджетти толтуруу керек», — деп, ишкерлердин үстүнөн ыксыз текшерүүлөрдү көбөйткөнү байкалды. Мындан улам ассоциациялардын, анын ичинде биздин да курулуш жана өндүрүш тармагындагы ишкерлерибиз кээ бир мамлекеттик кызматкерлер мыйзам бузууга барган учурларында Башкы прокуратура менен жакындан кызматташуу, экономикалык жактан кандайдыр бир маселелерди чогуу чечүү максатында кездештик.

— Кайсы мамлекеттик органдар тарабынан тоскоолдуктар болуп келет?

— Акыркы учурларда «бюджетти толтуруу керек» деп, көбүнчө салык кызматы текшерип жатат. Буга чейин Өкмөттүн токтому менен ишкерлерге жеңилдиктер түзүлгөн. А бирок салык кызматы: «Силер бул токтом менен жеңилдик албашыңар керек эле. Кайра жарым жылга салыктарды айып пулу менен чогуу төлөгүлө», — деп жатышат.

— Эгерде мамлекеттик органдар ишкерлерге колдоо көрсөтүп, кызматташа баштаса, алар өлкөгө кандай пайда алып келиши мүмкүн?

-Кайсы жерде көзөмөл курч болсо, кайсы жерде документтерди ыксыз текшерип, уруксат кагаз, лицензияларды талап кылып, экспертизаларды уюштуруп жаткан болсо, ошол жерлерде коррупциялык иштер көп. Ошол маселени чечүү максатында сүйлөшүүлөр болду. Ишкерлерге канчалык жеңилдиктер болсо, ишкерлик ошончолук өнүгөт. Качан ишкерлик өнүккөндө, экономикалык абал жакшырат, эл жумуш орун менен камсыз болот.

P.S.: Башкы прокурор менен жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкерлердин укугун коргоо жаатында кызматташууну улантуу зарылдыгын белгилешти. Башкы прокурор Зулушев Президенттин ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укугун коргоо багытындагы 29-январдагы жана 4-мартындагы Жарлыктары боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып өттү. Ошол эле учурда ишкерлердин укугун коргоо прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM