Биз менен байланышыңыз

JIA кыргызстандык 13 ишкерге 10 миң долларга чейин гранттык колдоо көрсөттү

Кыска кабар | 22 мая 2021 | 561 | 0

Кыргызстанда 13 ишкер 10 миң долларга чейин гранттык колдоо алды. Анын 12си — айым ишкерлер. Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) жана JIA Бизнес-ассоциациясы менен биргеликте бизнес үчүн жарыялаган конкурстун негизинде ишке ашууда.

Демилге Кыргызстанда чакан жана орто ишканаларды колдоого жана COVID-19 жайылышына байланыштуу кризистин шартында бизнести калыбына келтирүүгө, ошондой эле жумуш берүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатууга жана жаңы жумушчу орундарын түзүүгө багытталган.

Талапкерлерге коюлган талаптар ишкердик чөйрөсүндө эң аз 3 жылдык тажрыйбасы болуусу, 2019-жылы каржылык жоготуусуз бизнес жүргүзүүсү, өнүгүүнүн так планы (бизнес-план жана каржылык модель) болуусу каралган. Ошондой эле айым ишкерлерге артыкчылык берилген.

Грант алган ишкерлер ар кандай багытта иш алып барышат: тейлөө, жеңил өнөр жай, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү.

Пандемия учурунда кыскартылган иш орундарын калыбына келтирүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү долбоордун эң маанилүү көрсөткүчтөрү болуп саналат. Ишкерлер гранттарды жаңы жабдууларды сатып алууга жумшайт, ошону менен көрсөтүлүп жаткан өнүмдөрдүн же кызматтардын түрлөрүн көбөйтүшөт. Грант алуучулар үчүн кошумча шарт – бизнесте инновациялык жана жашыл чечимдерди колдонуу, ошондой эле сатууну көбөйтүү.

Грант алуучулар өлкөнүн Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл аймактарында ишкердик жүргүзүп келишет.

Грант БУУнун Өнүктүрүү Долбоору (ПРООН) тарабынан пандемиянын кесепеттерин азайтуу максатында адам укуктарына негизделген натыйжалуу, көп тармактуу, адилеттүү, инклюзивдик кризистик реакцияны жана COVID-19дан кийин калыбына келтирүүнү колдоо үчүн Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Ошондой эле айым ишкерлерге артыкчылык берилген.

Copyright © 2017 Maral FM