Биз менен байланышыңыз

Бизнес-долбоор жазууну үйрөнүп, 2000 евро грант утуп алыңыз

Кыска кабар | 2 Сен 2020 | 1324 | 0

18 жаштан 40 жашка чейинки, ишкердик чөйрөсүндө эч кандай тажрыйбасы жок, бирок ишкердик аркылуу өз жашоосунда жаңы жолду баштоону каалагандар үчүн бизнес-долбоор конкурсу жарыяланды.  Бул долбоор JIA Бизнес-асссоциациясы тарабынан “FSDS”  коомдук фонду жана “BIG” компаниясы менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

Катышуучулар өздөрүнүн бизнес-планын жазып, конкурска катыша алышат. Жыйынтыгында катышуучулар стартапты баштоо үчүн кеминде 1500 евро баш байгеге ээ боло алышат.

Катышуучуларды тандоо критерийлери:

  • кайтып келген мигранттар / мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар / мүмкүнчүлүгү  чектелген адамдардын ата-энелери;
  • алган билимди жайылтуу жана өнүктүрүү максатынын болушу;
  • өз бизнесин ачууга кызыгуу;
  • долбоордук иш-чараларга убакыт бөлүү мүмкүнчүлүгү (2020-жылдын 30-ноябрына чейин, долбоордун алкагында активдүү окуу жана башка иш-чаралар үчүн);
  • онлайн режиминде катышуу мүмкүнчүлүгү (смартфондун, компьютердин, Интернеттин болушу);
  • компьютердик сабаттуулуктун болуусу (Microsoft Office, Google Docs ж.б.);
  • жайгашкан жер облустун борборуна жакын болуусу;

Катышуучулардын  милдеттери:

  • долбоордун бардык сабактарына өз убагында келип, үй тапшырмасын өз убагында аткаруусу керек;
  • жергиликтүү консультанттар жана долбоордун уюштуруучулары менен тыгыз байланышта болуусу зарыл(12 жума);
  • бизнес-планды, MVP прототибин жана питч-дек презентациясын даярдоосу зарыл (жергиликтүү тренерлер менен бирге);
  • «Инновация сыйлыгы» сынагына катышуу керек.

Шилтеме аркылуу катталууга болот: https://forms.gle/G75RJUYmd3H6CViU7

Copyright © 2017 Maral FM