Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз ишкерлеринде 100-500 миң доллар утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 мая 2021 | 649 | 0

Кыргызстандык ишкерлерде стартап үчүн 500-100 миң доллар байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул туурасында PEAK ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасынын өлкөлүк директору Кыял Султанбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, быйыл Кыргызстанда экинчи жолу PEAK ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасы тарабынан конкурс уюштурулуп жатат.  Биринчиси былтыр, 2020-жылы өткөн. Долбоорду Улуу Британия каржылайт. Биринчи тур өлкө ичинде өтүп, анда мыкты бизнес-идеялар тандалып алынат. Экинчи турда дүйнө боюнча 170 өлкөнүн арасынан эң мыкты, эң керектүү делген стартаптар ат салышып, жеңишке жеткендери акчалай байгеге ээ болушат.

«Былтыр кыргызстандык 2 компания ТОП-100гө, анын бири ТОП-25ке кирген. Ошондуктан быйыл да катышууну чечтик. Биринчи орунду алган стартап 500 миң долларга чейин, экинчи орунду алган ишкер 250 миң доллар, үчүнчү орун алган ишкер 100 миң долларга чейин байге утуп алат. Андан тышкары ТОП-100гө киргендерге 20 миллиондун тегерегинде кызмат көрсөтүү алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Алар: атайын акселерациялык программалар, эл аралык тажрыйбасы күчтүү ишкерлерден консультация, ментордук, коучинг кызматы», — дейт Султанбаева.

Анын айтымында, кыргыз жарандарынын бул конкурска катышуусунун көп жакшы жактары бар. Ишкерлер билимин гана кеңейтпестен, өлкөнүн экономикасына да салым кошо алат.

«Ишкерлерди бул конкурска алып баруу менен Кыргызстанды дүйнөгө тааныштырып жатабыз.  Экинчиден, байге утуп алганга, ошол стартапты өнүктүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, ишкер салык төлөп, экономикага өз салымын кошот. Катышуучулар өзүнүн тажрыйбасын көбөйтөт. Эл аралык деңгээлге чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Катышуучулар окутууга катышат, ишкерликке болгон көз карашы өзгөрөт. Андан тышкары алар Глобалдык ишкердик уюмунун платформасынан атайын видео сабактарды көрүп, үйрөнө алышат», — дейт ал.

Copyright © 2017 Maral FM