Биз менен байланышыңыз

«Салык кызматына ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Фев 2021 | 970 | 0

Ишкерлерди текшерүү боюнча киргизилген мораторийди 2023-2024-жылга чейин узартуу керек. Анткени ал бизнес коомчулугун негизсиз текшерүүгө бөгөт коюу максатында киргизилген. Мораторийге Салык кызматын да кошуу кажет. Себеби ишкерлер көбүрөөк Салык кызматы тарабынан жабыркап, адилетсиз мамилеге дуушар болушат. Бул тууралуу JIAнын төрагасы Жоодар Омошов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, салык жыйналуучу тармактар такталышы шарт. Мындан сырткары, ишкерлер менен мамлекеттик кызматтардын ортосундагы алаканы кескин түрдө төмөндөтүп, санарип форматка өтүү абзел.

Пандемиядан соң бизнесте кайра калыбына келүү процесси башталды. Бизнеске бир гана пандемия эмес, чет элдик валюталардын кунунун кескин көтөрүлүшү, өлкөдөгү саясий окуялар да терс таасирин тийгизди.

Бизнеске саясий туруктуулук, тынчтык, ишкерлерге бирдей мамиле керек. Булардын баары болсо, ишкерлердин абалы жаман болбойт. Алар жумушчу орундарды түзүүгө аракеттенишет.

«Алдыда референдум өтөт. Ага жараша 4-5 жылга экономикалык болжомолдор, стратегия, пландар болот. 2020-жылдын октябрындагы саясий окуялардан кийин президент Садыр Жапаров менен ишкерлердин жолугушуусу болгон. Анда кемчиликтер, суранычтар боюнча сунуштар берилген. Анын натыйжасында жарлыкка кол коюлду. Мунун негизинде бийлик бутактары экономикага тиешелүү маселелерди, аткезчиликти жана бейформал экономиканы тартипке чакырышы кажет. Болбосо ачык-айкын иштеген ишкерлер да терс таасир алат», — дейт Омошов.

Copyright © 2017 Maral FM