Биз менен байланышыңыз

Тамеки жана алкоголь продукцияларын маркалоого бир айда 17 млн код берилди

Без рубрики , Кыска кабар | 21 Авг 2021 | 429 | 0

Алкоголдук жана тамеки продукцияларына милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген учурдан тартып, ушул жылдын 1-августуна карата санариптик идентификациялоо каражаттары менен 16 млн 941 миң маркалоо коду берилген. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Алсак, тамеки продукциясына – 16 млн 350 миң код, ал эми алкоголдук продукцияга –  590 миң 249 код берилген.Ошондой эле, «Товарларды маркалоо» АМТсына 7 тамеки буюмдарын импорттоочу, ошондой эле 8 алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчү жана 11 импортоочу катталган жана маркалоо коддорун алышат.

Эске салсак, ушул жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанды милдеттүү маркалоого арак, ликер-арак ичимдиктери, күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар, шараптар, коньяктар (коньяк спиртинен башка), шуулдама шарап (шампанды кошкондо), алкоголу аз ичимдиктер, тамекилер (чыпкалуу жана чыпкасыз) жана тамеки менен ысытылуучу буюмдар (ысытылуучу тамеки таякчасы, тамекиси бар ысытылуучу капсула) милдеттүү түрдө маркалоого жатат.

Милдеттүү түрдө маркалоого тийиш болгон товарларга маркалоо коддорун өндүрүүчү же импорттоочу өзү алышы жана колдонушу керек.

Маркалоону киргизүү өндүрүүчүдөн жана импорттоочудан тартып, акыркы керектөөчүгө чейинки товардын бүт жолун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет, ата мекендик бизнестин өнүгүүсүнө жагымдуу шарт түзөт, калкты сапатсыз товарлардын коргойт жана маркаланган товарларды Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө тоскоолдуксуз жеткирүүнү камсыз кылат.

Copyright © 2017 Maral FM