Биз менен байланышыңыз

Июлдан тарта алкоголь жана тамекиге милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 584 | 0

1-июлдан тартып Кыргызстанда алкоголь жана тамеки продукцияларын милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

2022-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн аймагында маркаланбаган алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүгө тыюу салынат.

Арак, ликер-арак ичимдиктери, күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар, шараптар, коньяктар (коньяк спиртинен тышкары), алкоголу аз ичимдиктер, тамекилер жана тамеки менен ысытылуучу буюмдар милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш.

Товарлардын көрсөтүлгөн топторун өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар маркалоонун GTIN-коддордун алуу үчүн биринчи кезекте «GS1 Kyrgyzstan» предметтик номерлөө ассоциациясына кирүүсү зарыл.

Андан кийин маркалоонун улуттук оператору «Альфа Телеком» менен алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүнүн катышуучуларына маркалоо коддорун берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө келишим түзүлөт. Маркалоо коддоруна буйрутма берилип, аларды товарга чапталып, аны жүктөө катталат.

«Альфа Телеком» менен келишим түзүү үчүн төмөнкү даректер боюнча тейлөө борборлоруна кайрылса болот (Бишкек шаары):

  • Восток-5 кичи району, Чүй пр., 32/б үйү, «Изумруд» соода борборунун жанында;
  • Кожевенная көчөсү, «Дордой» базары, 1-өтмөк, № 60-61 конт. («Мир обуви»);
  • Чүй пр., 204, «Берекет Гранд» соода борбору, 0-кабат;
  • Айтматов пр., 3, «Asia Mall» соода борбору, 0-кабат.
  • Ош шаарында — Масалиев пр., 2 (багыттама – Каныкей эстелиги).

Кара-Суу шаарында – Бакиев көчөсү (багыттама – К. Жакыпов атындагы мектеп интернаты).

Кошумча маалыматты «Текшер» системасынын www.main.teksher.kg сайтынан, ошондой эле 116 же 0 999 333 999 номерлери аркылуу алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM