Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан 2025-жылы тамеки чекпеген өлкө болот

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 785 | 0

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2018-жылга берген маалыматы боюнча Түркмөнстанда 3,4 % гана чылым чеккендер катталган. Бул дүйнөдөгү эн мыкты көрсөткүч болуп саналат. 2025-жылы Түркмөнстан толук бойдон чылым чекпеген өлкө боло тургандыгын «Хроника Туркменистана» агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, Түркмөнстанда бир жыл аралыгында чылым чегүүчүлөр эки эсеге азайган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча 2017-жылы өлкөдө тамеки чеккендердин саны 8,05 пайызды түзгөн. Алардын 15,5 %ы эркектер, 0,6 %ы аялдар болгон.

Түркмөнстанда 2016-жылы жеке фирмаларга тамекини алып кирүүгө жана сатууга тыюу салынган. Бул болсо мамлекеттик дүкөндөрдө тамекиге кезекке тургандардын санынын өсүүсүнө алып келген. Ошол эле учурда салынган тыюуларга карабай жеке тараптардан бекитип сатып алууга болот, бирок бир куту тамеки мурдагы баасына салыштырмалуу бир канча эсе кымбаттаган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европа өлкөлөрүн тамеки чегүү менен күрөшүүдө Түркмөнстандан үлгү алууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM