Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Ашхабаддан 21 млн долларлык жүк келди (сүрөт)

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 1676 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий сапарында кол коюлган келишимдерди ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанга Түркмөнстандан жүк келди.

27-июнда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун аянтчасында Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдиги жана Түркмөнстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин кызматташтыгы алкагында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү ортосунда келишимдерге кол коюлган.

Жалпы суммасы 21 миллион доллардан ашуун суммага жашылча-жемиш, сантехникалык буюмдарды жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча контракт түзүлгөн.

Ошондой эле келишимдин алкагында кийим-кече жана бут кийим өндүрүшү, эки өлкө ишкерлери ортосунда инвестициялык ишмердикти жана импорттук-экспорттук операцияларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык тууралуу чечим кабыл алынган.

Көрсөтүлгөн макулдашууларга ылайык, 29-июнда Бишкек шаарына Түркмөнабад шаарынан жүк учагы келип конду.

Натыйжада кол коюлган контракттардын жыйынтыгы боюнча алгачкы жеткирүү ишке ашырылды.

Бишкек шаарынын аэропортунда жүктү Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Copyright © 2017 Maral FM