Биз менен байланышыңыз

Ашхабадда Кыргызстан менен Түркмөнстандын ички иштер министрлери жолугушту

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 707 | 0

Ашхабадда өтүп жаткан Борбордук Азиядагы мамлекеттердин башчыларынын кеңешмесинин алкагында Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркмөнстандын ички иштер министри Овездурды Ходжаниязов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков Кыргызстандын Ички иштер министрлиги үчүн приоритеттүү тапшырмалардын бири коңшу мамлекеттердеги кесиптештери менен тыгыз жана жылуу мамилелерди түзүү экендигин айтты.

«Ааламдашуу процесси бир убакта кылмыштуулуктун трансформациясына да таасир этип, кылмыш дүйнөсү барган сайын технологиялык жактан өнүгүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланышууда. Ошондуктан, уюшкан кылмыштуулукка, экстремизмге жана наркотрафикке каршы күрөшүү көптөгөн өлкөлөрдүн, өзгөчө чек арага жакын жана коңшу мамлекеттердин укук коргоо органдарынын биргелешкен аракеттерин талап кылууда. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коңшу өлкөлөр менен улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүүгө өзгөчө маани берет», — деди Улан Ниязбеков.

Ошондой эле Түркмөнстан географиялык жактан Ооганстанга жакын жайгашкандыктан түркмөн кесиптештер баңгизатка каршы күрөшүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын белгилешти.

Мындан сырткары эки өлкөнүн ички иштер министрлеринин жолугушуусунда кылмыштуулукка, экстремизмге, баңгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатында кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташууну күчөтүүгө кызыктар экенин ырасташты.

Copyright © 2017 Maral FM