Биз менен байланышыңыз

Мамбетов: Түркмөнстандын жеңил өнөр жайы мыкты өнүккөн

Кыска кабар , Маек | 28 Июн 2021 | 5772 | 0

Бүгүн, 28-июнда Ашхабад шаарында президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуусу болду. Анда эки өлкө лидерлери кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык, отун-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташтыкты талкуулашты. Биз президенттин Түркмөнстанга болгон сапары, кыргыз-түркмөн мамилелеринин келечеги, кызматташуунун багыттары боюнча 2011-2013-жылдары Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп иштеген, эмгек сиңирген куруучу, экс-вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов менен маек курдук.

— Учурда Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамилеси кандай? Эки өлкө кайсы тармактарда кызматташса болот?

— Азыркы учурда Түркмөнстан өлкөсүнүн мүмкүнчүлүгү аябай жогору. Өзгөчө жеңил өнөр жай тармагы өнүгүү жолунда десем жаңылышпайм. Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти менен сүйлөшүү учурунда жеңил өнөр жай тармагын баса белгилеп кетти. Түркмөнстандын потенциалын колдонуп, биздин токтоп турган жеңил өнөр жайлардын баарына инвестиция тартсак болот.

Экинчиден, биздин президент: «Кыргызстанга Түркмөнстандан газ алса болот», — деп мурда айтып жүргөн. Жаратылыш газын түтүктөр аркылуу ала албайбыз, бирок суюлтулган газды алсак болот. Анткени суюлтулган газ чыгаруучу завод курулган. Ошол жактан темир жол аркылуу алып келсе болот. Түркмөнстан жана Өзбекстан чек арасындагы заводдун жанында жайгашкан Сарат аттуу темир жол станциясы бар. Ошол Сарат аркылуу Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарын суютулган газ менен камсыз кылсак болот.

— Президент инвесторлорду Кыргызстанга чакырды, алар биздин шартка макул болушабы? Биздеги инвесторлорго түзүлгөн шарттар аларды канааттандырабы?

— Эми биздин президент аларга биринчи жолу кайрылды да. Баары сүйлөшүүлөрдөн кийин чечилет. Башында инвесторлор үчүн шарт түзүп берүү керек. Мүмкүн биз түзүп берген шарт аларды канааттандырбайт чыгар. Эмнеге дегенде Түркмөнстанга инвесторлордун көпчүлүк бөлүгү сырттан келет. Жеңил өнөр жайына Германия, Түркия жана Түштүк Корея өлкөлөрү кызыкдар. Алардын баарын карап чыгып, сүйлөшүшүбүз керек.

— Эл аралык жана аймактык маселелерди караганда Кыргызстан бүгүнкү шартта Түкмөнстан менен кандай мамиле кылышы керек?

— Түркмөнстан — саясий жактан, экономикалык жактан бейтараптуулукту карманган өлкөлөрдүн катарында. Эл аралык мамилени жакшыртуу үчүн бийлик конкреттүү түрдө кыла турган иштерди айтып, долбоорлорду сунуштаса болот. Ошол эле учурда эки өлкө бири-бирин колдоп турушу керек.

— Мамилени активдештирүү боюнча да сөз болду, эки өлкө алакасын кантип жакшырта алат?

— Активдештирүү дегенде биз барып отуруп албайбыз да. Алардагы мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгып, кандай долбоорлорду сунуштасак болот?  Мисалы: Оштогу Жибек комбинаты, Токмоктогу фабрика жана тигүү цехтери 30 жылдан бери иштебей токтоп калган. Ошолордун баарына инвесторлорду чакырса болот.

— Маегиңизге чоң ырахмат! 

Copyright © 2017 Maral FM