Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий сапарында 14 документке кол коюлду (тизме)

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 1163 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын алкагында, кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары бир катар маселелер боюнча принципиалдуу келишимдерге жетишти. Алар: биргелешкен бизнес-долбоорлорду колдоо үчүн уставдык капиталы 100 миллион долларын түзгөн Кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү, күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүү, Бишкек шаарында кыргыз-түркмөн соода үйүн жана Ысык-Көл облусуна ден соолук чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана куруу.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы өндүрүш кооперациясы жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркмөнстандын Спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети менен Түркмөнстандын Айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосунда айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Түркмөнстандын Энергетика министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Аппараты менен Түркмөнстандын Мары велаятындагы Хакимлик ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Түркмөнстандын Президентине караштуу Мамлекеттик кызмат академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Түркмөнстан мамлекеттик архитектура-курулуш институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

— 2021-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Түркмөнстандын Коргоо министрлигинин ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу чөйрөсүндө кызматташуу боюнча иш-чаралар планы;

— 2021-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркмөнстандын Спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ортосунда 2014-жылдын 11-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Түркмөнстандын Спорт боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча спорт жаатындагы иш-чаралар планы;

— 2021-2023-жылдарга карата 2014-жылдын 11-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Маданият министрлигинин ортосунда маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы;

— 2018-жылдын 23-августундагы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Телекөрсөтүү, радиоуктуруу жана кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда Кино өндүрүшү жана телерадиоберүү жаатында биргелешип кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол;

— 2021-2023-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык программасы;

— 2021-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кызматташтык программасы;

— 2000-жылдын 6-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол;

Кол коюлган документтер Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө, өнүктүрүүгө, кеңейтүүгө жана шайкеш келтирүүгө багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM