Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз жол менен алынып келген 65 миң куту тамеки кармалды

Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 570 | 0

Чүй облусунда аткезчилик жол менен алынып келген 65 миң куту тамеки кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда Кыргызстандын М.А. аттуу жараны башкарып бара жаткан «Hyundai Porter» унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Текшерүү маалында унаадан акциздик маркасы жок 65 миң куту же 1 млн 300 миң даана тамеки табылган. Айдоочуда товардын тиешелүү документтери болгон эмес.

Тамекинин баасы 2 млн 762 миң 500 сом деп эсептелди.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каталып, сотко чейин иш башталды.

Copyright © 2017 Maral FM